10 жаштагы бала бассейнге чөгүп кетти

Жазылуу
Кара-Балта шаарындагы бассейнге чөгүп кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кара-Балта шаарында жайгашкан бассейнге 10 жаштагы бала чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-июлда кечки саат алтылар чамасында болгон. Окуя болгон жерге Жайыл райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып саат кечки 7.25те баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0