БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.
Мыйзам республиканын калкын жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Мында Кыргызстанга импорттолгон электр энергиясын КНСтен бошотуу каралган.
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.