БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Кара жыгач токоюнда жайгашкан Пионер көлмөсүнө чөгүп бараткан эки кишини куткаруучулар аман алып калууга үлгүрүп, үчүнчү киши табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан Кара жыгач токоюндагы Пионер көлмөсүнө түшкү саат үчтөр чамасында чөгүп бараткан 35 жаштагы кишини куткаруучулар аман алып калууга үлгүргөн. Ушул эле күнү саат кечки алтылар чамасында дагы бир 32 жаштагы тургун куткарылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ал эми кечки саат тогузга жакын аталган көлмөгө чөгүп кеткен 18 жаштагы Талас облусунун тургуну изделип, бирок натыйжа болгон эмес.