БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сирияга бара жаткан кыргызстандык 25 жашар Хамида аттуу жаран туура эмес иш жасаганын түшүндү дейт УКМК маалымат кызматы.
Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда "Бишкек-Москва" авиа каттамы менен учуп, андан ары Түркия аркылуу Сирияга барууга аракет кылган Хамида Домодедово аэропортунан кармалып, Кыргызстандын Россиядагы элчилигине өткөрүп берилген. 29-июнда ал Бишкекке келди.
Аламүдүн районундагы айылдардын биринде жашаган 25 жашар Хамиданын күйөөсү, эки кичинекей баласы бар. Ал салттуу исламдын эрежелерин тутуп жүрүп, бара-бара интернеттен диний агымдын башка түрлөрү менен жакындан тааныша баштайт. Хамида сүйлөшүүлөрдү Skype, Whats App жана "Одноклассники" сайты аркылуу жүргүзгөн.
Март айында бул аял менен таанышуу үчүн анын баракчасына өзүн ИМ террористтик уюмдун катышуучусумун деген Хаттаб аттуу адам чыккан. Кат жазышкандан бир аз убакыт өткөндөн кийин Хаттаб Хамидага башка жакка көчүп кетүүнү ("хиджера" жасоону) сунуш кылып, мындай көчүп-конуу үчүн күйөөнүн макулдугу зарыл эместигин жазат. Ошондой эле ал Хамиданы жаңы паспорт менен камсыз кыларын, Сирияда тынч жашап, согуш аракеттерине кааласа гана катыша турганын айтат. Ага макул болгон Хамида Москвага келет. Шарт боюнча ал жактан Түркияга, андан ары Сирияга учуп кетмек.
Алдын ала иликтөөлөр боюнча, Хамиданын кетишине үй-бүлөдөгү чыр-чатактуу турмуш, туугандарынын көңүл сыртында калуусу себеп болгон.