БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Бешинчи канал Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган ыр кесени КР президентинин аппаратына сунду.
24-мартта Sputnik маалымат сайты Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштап, ыр кезегин vb.kg. интернет-редакциясынын жамаатына узаткан. Ошентип, Кыргызстандын журналисттер жамааты улуу акындын ырларын кезеги менен окуп, бири-бирине узатуу саамалыгы уланган.
Кезек өлкөдөгү 5-каналга жетип, алар "ЭлТРден" алган кезекти КР президентинин аппаратына узатты.