БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Июль айында Кыргызстандын жарандары бир кубометр газ үчүн 14,35 сомдон төлөй турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Өнөр-жай мекемелери үчүн анын баасы 17,57 сом болот.
Жаратылыш газынын кымбатташына доллардын курсунун өсүшү таасир берген. Келишимге ылайык, "Газпром Кыргызстан" ишканасы газдын баасын ар айдын башында Улуттук банк Берген доллардын курсу боюнча эсептейт.
Июнда бир АКШ доллары 58,14 сом деп бааланган, ал эми 1-июлда анын баасы 62,14 сомго барабар болду. Андыктан өткөн айга салыштырмалуу июлда газдын баасы жарандар үчүн 76 тыйынга, өнөр-жай ишканалары үчүн 85 сомго кымбаттады.
Валютанын бир айлык курсу
Валютанын бир айлык курсу