Бишкекте газ түтүктөр оңдолуп жатат

Жазылуу
Газ берүү түтүктөрдөн газдын чыгышын жоюу боюнча оңдоо иштеринин башталышына байланыштуу токтотулат.

БИШКЕК, 28-июнь — Sputnik. Бишкектин айрым райондордо газ берүү токтотула турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧК билдирди.

Маалыматка ылайык, газ берүү түтүктөрдөн газдын чыгышын жоюу боюнча оңдоо иштеринин башталышына байланыштуу токтотулат.

Ремонт иштери 2015-жылдын 29-июнунан 2-июлга чейин Ден Сяопин — Абакан — Алыкулов — темир жол көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0