Чотбаев АКШ элчилигине келген жүк жөнүндө: тыңчылык кылуу үчүн жабдыктар болушу мүмкүн

© Sputnik / Родионова ДиляГенерал-полковник Абдыгул Чотбаев. Архив
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бийлиги америкалык өкүлчүлүк өлкөгө мынчалык көп санда эмне алып келип жатканын билиши керек деп эсептейт генерал-полковник Абдыгул Чотбаев.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. "Дипломатиялык" деген статуска көп тонналаган жүк эмес, почта гана ээ боло алат деген ишеничте генерал-полковник Абдыгул Чотбаев. 

Кыргызстанга АКШ элчилигинин муктаждыктары үчүн делген кезектеги "жашыруун жүк" шейшемби күнү келди.

Чотбаевдин пикиринде, мындай жүктөргө карата өкмөттүн көз карашы бекем болушу керек.

"АКШ элчилигинен эмнелерди гана күтүүгө болбойт. Биздин өлкөгө мынчалык көлөмдө эмне ташылып кирип жатканын билишибиз керек", — деди генерал Sputnik кабарчысына.

Чотбаевдин көз карашында, дипломатиялык жүктө тыңчылык кылуу жана көзөмөлдөө үчүн атайын радиоэлектрондук жабдуу болушу ыктымал.

Кыргыз генералынын бул ою шейшемби күнү WikiLeaks жарыялаган документтерди эске алганда актуалдуу болуп эсептелет. Аталган документтерге ылайык, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги Франциянын азыркы президенти Франсуа Олланд, андан мурунку мамлекет башчылары Николя Саркози жана Жак Ширак менен катар бир топ жогорку даражалуу атка минерлеринин сүйлөшүүлөрү тыңшоого тиешеси бар. 

АКШ аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ АКШ элчилигинин "дипломатиялык жүгү" келгенин тастыктайт
Үстүдөгү жылдын март айында "Руслан" украин авиакомпаниясынын Ан-124 учагы "Манас" аэропортуна эки жолу келип конгону туурасында ЖМКлар кабарлаган. Учак БАЭден АКШ элчилиги үчүн 152 тонналык белгисиз бир жүк жеткирип келген. Диппочта статусуна ээ жүк кароодон өткөн эмес. Эксперттер америкалыктар элчиликтин жаңы имаратын курууга КРге "демократия" кыштарын жана "эркиндик" арматураларын алып келип жатат деген пикирлерин айткан.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов аталган жүк, АКШ элчилигинин маалыматына ылайык, элчиликтин жаңы имаратын урууга пайдаланып жатканын шаршембиде Sputnik кабарчысына билдирди.

2015-жылдын февраль айында АКШнын КРгы убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган. Кыргызстан менен Грузия эксперттери бул дайындоонун кокустук эмес экенин, ал мамлекетке кооптуулук жаратарын айтышууда.

Майлз элчилик милдетти Азербайжан, Сербия жана Болгария мамлекеттеринде аркалаган. 2003-жылы Грузияда "роза төңкөрүшү" болгон учурда да Майлз аталган өлкөдө Американын элчиси болуп турганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0