БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ”1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.
Ал эми КРдин Баш мыйзамы боюнча, Кыргызстандын аймагында иштеген ар бир жаран жана ишкана салык төлөөгө милдеттендирилген.
Ортодо жаралган пикир келишпестиктерден улам, БУУнун Адистештирилген мекемелеринин (ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, ж.б) ишмердүүлүгү үчүн тоскоолдуктар пайда болууда.
Ушуга байланыштуу документке кошумча пункт киргизилип, ага ылайык, аталган мекемелерде эмгектенген чет элдик жарандар салык төлөөдөн бошотулуп, ал эми кыргызстандыктардан салык төлөмү алынып, алар мамлекеттик милдеттерден бошотулбай тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.