Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20150529/1015778479.html
Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү саясатчыбы же коомдук ишмерби, ар бир кыргызстандык мектепте окуган. Ар бири окуу жылдарын өмүрүндө эң жаркын кездердин бири деп эсептейт. 29.05.2015, Sputnik Кыргызстан
Жылдызкан Жолдошова, ЖКнын депутаты: "Менин мектебим Ош облусунун Кара-Суу районунда болчу. Ал Сыдык-Алайчы №87 мектеп деп аталар эле. Мен сегизинчи кластты аяктаган соң курулуш техникумуна тапшыргам. Мага мектепте окуган аябай жакчу, ал менин бактылуу күндөрүм. Классташтарым менен мүмкүнчүлүк улам азайып баратканына карабай, катташып турам.
Владимир Бабурин, "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү: "Мен борбордун №59 мектебин 2003-жылы бүтүргөм. Дайыма активдүү жана шайыр бала болчумун. Ошол бойдон эле калдым. Классташтарыма кубануу менен жолугуп турам".
Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты: "Мен биринчи класска 1988-жылы бардым. Тогузунчу класска чейин Ысык-Көлдө окугам. Андан кийин Бишкектин №60 мектебинде окудум. Дайыма активдүү болчумун, мектептин коомдук турмушуна үзбөй катышар элем. Дал ошол окуучу кезимде КВНди жактырып, анда кийин студент кезимде да ойнодум. Классташтарым менен анда-санда жолугуп, өткөндү эскергенди жакшы көрөбүз".
Шавкат Тургаев, Бешинчи каналдын алып баруучусу: "Мен көлдүн Пристань-Пржевальск шаарчасында окугам. Мен 2005-жылы бүтүргөн мектеп азыр да совет мезгилиндей эле Ильичтин атын алып жүрөт. Абдан жакшы окучумун, мектептин маданий турмушунда да активдүү катышкам. Бир да майрам менин катышуумсуз өтчү эмес. Ал эстен кеткис мезгил эле. Мектептеги досторум менен тилекке каршы мамилем үзүлүп калган. Бирок бир кезде баарыбыз чогулуп окуу күндөрдү эскеребиз деп ойлойм".
Ирина Карамушкина, ЖКнын депутаты, КСДП фракциясы: "Дайыма жакшы окучумун. Фрунзенин №26 мектебин аяктагам. Сегизинчи класста класстын комсоргу, 9-10–класста бүтүндөй мектептин комсоргу болуп шайлангам. Бүтүрүүчүлөрдүн кечесинен эки күн өткөндөн кийин Воронежге пединститутка тапшырганы кеткем. Экзамендердин баарын тапшырып, бирок дароо документтеримди кайра алып алгам. Үйдү, жакындарымды, Фрунзени сагынганымдан тез эле кайтып келип, өз мектебиме улуу пионер башчысы болуп орношком".
Артем Колосов, креативдик директор: "Мен үчүн мектеп 1994-жылы башталган. 11 жыл бою борбор калаанын №12 гимназиясында окугам. Классташтарым менен атайлап жолугушпайм, бирок кези келгенде сүйлөшүүгө дайым даярмын".
Равшан Жээнбеков, ЖКнын депутаты: "Мектепке 1977-жылы баргам. Он жыл бою Талас облусунун Манас районунда Үсөнбаев атындагы кыргыз мектепте окугам. Ал менин экинчи үйүм болуп калган. Көпчүлүк классташтарым менен азыр да жакшы доспуз. Алардын балдары үйлөнө баштады, бири-бирибизге той-майрамдарга барып турабыз".
Елена Баялинова (Накимова), журналист: "1960-жылы Ош облусунун Майлы-Сай шаарында туулгам. 1967-жылы ошол эле шаардын №2 мектебине кирип, 1977-м кызыл аттестат менен бүтүргөм. Мектеп жылдары эле коомдук иштерге катышчумун. Окууну аяктаганга чейин чачымды өөрүп бнтик тагынчуму, себеби апам чачымды кесип, көрктөп жасоого уруксат берчү эмес. Мектеп жылдары абдан жакшы… Бирок тез эле өтүп кетет!".