Өткөн жуманын аягында Непал мамлекетинде жер титирөө болуп, үч миңден ашык адамдын өмүрүн алды.
Буга чейин Чилидеги вулкан атылып, дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган. Балтимордо болсо, афроамерикалыктын өлтүрүлүшүнө нааразы болгон жүздөгөн кишилер митингге чыгышкан. Жекшемби күнү коңшу Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Өткөн жумада эсте калган олуттуу окуяларды Sputnik сайты атайын сүрөт баянга чогултту.
Сербиянын футбол чемпионатында "Црвена Звезда" менен "Партизан" командаларынын фанаттары чабышып кетип, 35 полиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышты.
Кыргызстандык гвардиячылар Кызыл аянтта боло турчу парадга катышуу үчүн Москвага учуп кетишти. Жалпысынан Москвага 75 киши учуп кетти, алардын төртөө офицер, бир прапорщик, келишимдик негизде кызмат кылган 18 жоокер жана 52 кызматын өтөп жаткан жоокер бар.
Ставрополдогу Жеңиш байрагы Россиянын рекорддор китебине кирди. Анын узундугу 40 метр, туурасы 17,5 метрди түзөт. Аны даярдоого 1,2 миң чарчы метр кездеме, 240тан ашык чыгырык жип жана 15 килограмм сыр кеткен.
Чернобыль, 29 жыл өткөндөн кийин. Курчоого алынган аймактан көчүрүлгөн жарандарга таштап кеткен үйлөрүн көрүүгө уруксат берилди. Алар Дернович айылында жолугушту.
Казакстандын азыркы президенти Нурсултан Назарбаев жекшемби күнү мөөнөтүнөн мурда болгон президенттик шайлоодо шайлоочулардын 97,36 пайыз добушун алды.
Кумдан жасалган эстеликтер көргөзмөсүнө Гомерден тартып Габриэль Гарсия Маркеске чейинки дүйнөлүк адабияттын классиктеринин элеси коюлду. Ал Москва шаарынын Коломонское музейинин аймагында ишемби күнү ачылды.