Кыргыз күрөшү боюнча мелдеш

Жазылуу
Жаштардын спортко болгон кызыгуусун, улуттар аралык достукту чыңдоого багытталган улуттук күрөш боюнча мелдеш Сокулук районунун Камышановка айылында өттү.

4-апрелде кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү. Ал Сокулук районунунун кыргыз улутундагы тургундары, райондун спорт комитети жана республикалык "Кыргыз күрөш" Федерациясынын колдоосу менен өттү. Мелдешке Чүй боорунда жашаган жерге-талдык жана мургаптык беш миң кыргыз да келди. 

Мелдештин негизги максаты — тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын, айрыкча, алардын ичинен жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана өркүндөп-өсүшүнө шарт түзүү. Андан сырткары, улуттар арасында достукту, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө жана улуттук оюндарыбызды өнүктүрүү аркылуу чыңдоо. Мелдеш абсолюттук биринчиликте өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар, дипломдор ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0