БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 2-апрелде кол койгон буйругуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы Дуулатбек Бекишов ээлеген кызматынын мөөнөтүнөн мурда алынды. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Медициналык комиссия Бекишов ден соолугуна байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жөндөмсүз деген корутунду чыгарган.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.