БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Коомдук биринчи каналдын башкы директору Султан Жумагулов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арызын жума күнү жазганын, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков facebook социалдык тармактагы баракчасынан маалымдады.
Маалыматка ылайык, КТРКнын башкы директорунун орун басары Кубат Болотканов да арыз жазып, ал Байкоочу кеңештин чечими менен кызматтан алынды.
Президенттин аппаратынан Жумагуловдун кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын тастыктады.
Жумагулов эмне себептен кызматтан кетип атканы азырынча белгисиз.