Андан сырткары Ат-Башы ГЭСине кубаттуулугу 240 мегават, же болбосо, миллиард киловат-саат болгон кошумча 4 станция курулат. "Жогорку Нарын ГЭС" ЖЧКсынын башкармалыгынын жетекчиси Игорь Горбенко билдиргендей, ГЭСтин салынышы экспорт жаатында экономикалык өнүгүүнүн чоң мүмкүнчүлүгүн ачат. ГЭСти курууга 10 компания тартылган. 200 киши жумуш менен камсыз болсо, анын жарымы нарындыктар.
Жогорку Нарын каскадына салынып жаткан ГЭСтин курулушуна орус тарап 24 миллиард рубль которот. Анын курулушу 2019-жылы аяктайт.

ГЭС Нарын дарыясына курулат.

Жумушчулар шаарчасына зарыл болгон бардык коммуникация салынган.

Бул чакан шаарча 450 кишиге ылайыкталып, ГЭС салынчу аймактан алыс эмес жайгашкан.

ГЭСти "КыргызГидроСпецСтрой" менен "РусГидро" салат.

ГЭС салынчу жердин аймагы тосулган.

Оор техникалар ГЭС куруудагы негизги күч.

Эс алуу учурунда.

Каскаддын аймагы болжол менен 3030 гектар.

Аймактагы жолдорду куруу да маанилүү.

Курулуш жүрүп жаткан аймакка жеңил автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.

Бетон куюлчу жерлерди атайын техника түздөп жатат.

Плотиналар орнотулчу жерди эксковатор казууда.

Велосипед да керек.

Жумушчулар шаарчасын коопсуздук кызматы кайтарат.

ГЭСти Кыргызстан менен Россия биргелешип салууда.