Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү Дагестанда жерге берилди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүUFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов. Архив
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта машыктыруучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун дагы катышканы айтылат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнатына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дагы катышкан.

Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурмагомедовдун сөөгү Дагестандын Кизилюртов районунун Кироваул айылына коюлган.

UFC чемпионунун атасы коронавирустун оор түрү менен жабыркап Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Бул дарттан айыга албай 3-июль күнү 58 жаш курагында каза тапты.

"Аны акыркы сапарга узатууга көп адам катышкан жок. Туугандары жана Москвадан спортчулар келди", — деп айткан Кироваул айылынын башчысы Ильяс.

Мушкер Хабиб Нурмагомедовго UFC уюмунун президенти Дана Уайт көңүл айтып, спортчунун атасынын жашоодогу орду тууралуу айтып берген видеосун жарыялады.

​Ошондой эле Хабибдин октагондогу атаандаштары Конор Макгрегор жана Тони Фергюсон сыяктуу бир катар спортчулар көңүл айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0