ДССУ: дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда

© AFP / MIGUEL SCHINCARIOLЛабораториянын кызматкери жумуш учурунда
Лабораториянын кызматкери жумуш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюмдун жетекчиси белгилегендей, коронавирус жайылып баштагандан бери окумуштуулар анын вакцинасын табууга киришип, айрымдарыныкы сыноодон өтүп бүтөйүн деп калды.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус учурда дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Албетте, окумуштуулардын аракети элди оорудан толук түрдө коргойт деген кепилдик азырынча жок. Бирок биз жакшы нерселерге үмүт артып жатабыз. Коронавирус жайылып баштагандан тарта адистер анын вакцинасын табууга далалат кылып, эмгектенип жатышат. Айрымдарыныкы сыноодон өтүп бүтөйүн деп калды. Учурда 141 вакцина иштелип чыгууда", — деген Гебрейесус.

Эксперт Россияда коронавируска каршы вакцина алгач кимдерге сайыларын айтты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматы боюнча, жер жүзүндө 10 667 217 адам коронавируска чалдыгып, анын дээрлик жарымы айыкты. Ал эми оорудан 515 646 бейтап көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0