23:07 14 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.4802
  • RUB1.1205
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Даниил Покровский анча кооптуу эмес спирт ичимдиги деп кызыл, кургак шарапты атаган. Анын айтымында, бул ичимдик витаминге, микроэлементке жана антиоксидантка бай.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Спирт ичимдиктеринин арасынан сырага такыр эле тыюу салыш керек. Бул тууралуу россиялык дарыгер-психиатр, нарколог Даниил Покровский билдиргенин РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, бул ичимдик ден соолукка өтө чоң терс таасирин тийгизет.

"Сырага көбүк, түс, даам берген заттар кошулат. Андагы кобальт металлы адамдын ден соолугуна өтө зыян", — деди Покровский.

Адис бул зат жүрөктүн иштешин начарлата турганын белгиледи.

"Сыранын курамындагы металлдар жүрөктү дартка чалдыктырып, андан бул орган семирип кетет. Мындай учур адамды өлүмгө чейин алып келиши ыктымал", — деп алдын алды дарыгер.

Нарколог кобальт кошулган боёк менен иштеген орто кылымдагы сүрөтчүлөрдү мисал келтирген.

"Ушул металлды көп колдонгондуктан, алар карылыкка жетпей калышкан. Сыраны жакшы көргөндөр кобальттан ууланып да калышы мүмкүн", — деп эскерткен Покровский.

Дарыгер анча кооптуу эмес спирт ичимдиги катары кызыл, кургак шарапты атаган. Анын айтымында, бул ичимдик витаминге, микроэлементке жана антиоксидантка бай.

Тема боюнча

Аракечтикке каршы күрөшүүнүн жолу табылды
Ичкилик мээнин салмагын азайтып, тез карытат. Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы
Белгилер:
ичимдик, сыра, дарыгерлер, нарколог

ЭҢ МААНИЛҮҮ