ЖМКлар Конор Макгрегор миллиондорун кайда короторун жазып чыкты

© AFP / DAVID BECKER / GETTY IMAGES NORTH AMERICAUFC мушкери Конор Макгрегор. Архив
UFC мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттер UFC жылдызынын канча вилласы, унаасы жана яхтасы бар экендигин санап көрүштү. Аны менен катар эле ирландиялык спортчу кайрымдуулук иштери менен алектенет.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Eurosport басылмасы UFC уюмунун көп акча төлөнүүчү мушкери Конор Макгрегор тапкан акчасын кайда короторун жазып чыкты.

Forbes журналынын маалыматы боюнча, 2018-жылы спортчу 110 миллион доллар тапкан. Анын үч миллионун Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттештен кийин алган. Wealthy Gorilla агенттигинин билдиргенине караганда, Макгрегордун 2019-жылдагы кирешеси андан 10 миллионго көп.

Бүрсүгүнү Конор америкалык спортчу Дональд Серроне менен беттешет. Eurosport басылмасынын маалыматында, бул беттеште да ирландиялык спортчу бир нече миллион доллар алат. Аталган басылма Конор өз кирешелерин кантип бөлүштүрөрүн айтып берди.

Үйлөрү

В Лас-Вегасе прошла первая дуэль взглядов Макгрегора и Серроне — видео - Sputnik Кыргызстан
Учурашып, сыйлап... Макгрегор Серроне менен көз караштар таймашына чыкты. Видео
Өткөн жылдын жай айларында Макгрегор Килдэреден (Ирландия) 2,4 миллион долларга особняк сатып алган. Үйүндө 5 уктоочу бөлмө, алты жуунуучу жай (ванна), мейман бөлмөсү, ашкана, тамак жасоочу жайы, машыгуу залы жана ат сарайы бар. Андан тышкары, ойноочу бөлмөсүнө ал уулу үчүн ар бири 1150 доллардан турган аркада автомат машиналарын сатып койгон.

Лас-Вегаста (АКШ) ал алтыдан уктоочу бөлмөсү, ондогон жуунуучу жайы, беш унаа батуучу унаа токтоочу жайы, ойноочу бөлмөсү, саунасы, декоративдүү шаркыратмасы, бассейни жана SPA салону менен кымбат вилланы бир нече жылга ижарага алган. Азыр ал вилла сатыкка коюлду.

Жылдыздуу мушкердин, андан тышкары, Марбельеде 2 миллион доллар турган вилласы бар.

Кийимдери жана аксессуарлары

Конор кийинүү стилине абдан көңүл буруп, бир гана Dolce & Gabbana, Gucci, Louis Vuitton жана Hermes мода үйлөрүнөн кийинет. Басылма анын табигый териден жасалган шубаларын, булгары лоферлерин (бут кийим), снэпбектеринин (кепка) жана кроссовкаларынын так санын чыгарууга мүмкүн эмес экендигин билдирет.

"Мен бир жолу Лос–Анжелестеги Dolce & Gabbana дүкөнүнө 27 миң доллар коротком жана сатуучулар менин алган кийимдеримди салыштырып бүткүчө, барып кофе ичип турууга туура келди", — деп Макгрегордун айтканы бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Promoter money.

Публикация от Conor McGregor Official (@thenotoriousmma)

Ирландиялык мушкер костюмдарын модельер Дэвид Август Хейлге буюртма берип тиктирет. Костюмунун орточо чеги — 5,5-8,5 миң долларды түзсө, пальтосунуку — 1000ге, көйнөктөрүнүкү — 900 долларга жетет. Хейлдин айтымында, Макгрегор кийимдери үчүн жылына миллиондогон доллар коротот.

Спортчунун сааттарга, айрыкча Rolex сааттарына өзгөчө кызыгат. Анын коллекциясында 35 миң доллар турган Cosmograph Daytona, 38 миң долларлык Oyster Perpetual Yacht-Master II, 40 миң доллар турган Perpetual Sky-Dweller, 50 миң долларлык Oyster Perpetual жана 300 миң доллар суммасындагы Hublot MP-05 LaFerrari Sapphire сааттары. Бардык коллекциясын эсептей келгенде 800 миң долларды чапчыйт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Conor McGregor Official (@thenotoriousmma)

Автомобилдери, яхта жана учак

Макгрегордун автопаркында бир гана кымбат баалуу унаалар тизилип турат. Eurosport жазгандай, мушкердин атайын буюртма менен 300 миң долларга жасаткан Rolls-Royce Ghost унаасы жана 500 миң долларлык Rolls-Royce Phantom Drophead Coupe унаасы бар.

Анын Instagram-аккаунтунда өзүнүн BMW i8 (155 миң доллар), Mercedes-Benz А200 Sedans (36 миң) жана Mercedes-Benz S550 Coupe (120 миң), McLaren 650S (280 миң), Cadillac Escalade (93 миң), Range Rover (160 миң) унааларынын сүрөттөрүн көрүүгө болот. Ошентсе да бул машиналар ага таандык экени же лизингге алынганы белгисиз. Мушкердин сүйүктүү унаасы — 300 миң доллар турган Lamborghini Aventador. Конордун мындай үч унаасы бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Conor McGregor Official (@thenotoriousmma)

ЖМКнын маалыматына караганда, Макгрегор эки яхтага ээлик кылат. Биринчисин ал 2017-жылы сатып алып "The 188" деп атаган. Бир кездерде мушкер аялы экөө социалдык жөлөк пул катары 188 евро алып жашаган учуру болгон. Экинчи яхтасын спортчу 2019-жылы атайын буюртма менен 3,4 миллион долларга сатып алган.

​Конор 60 миллион доллар турган учак колдонот, бирок ал бул самолётту ар бир учканына 60 миң доллар төлөп ижарага алат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Conor McGregor Official (@thenotoriousmma)

Спорттук басылма анын кайрымдуулук иштерине да кайрылууну унуткан эмес. Өткөн жылы ал Рождество майрамында үйү жок балдарга 25 миң долларга белек берген. 2018-жылы UFC жылдызы өз алдынча тамак жей албаган жана баса албаган жаш баланын дарылануусу үчүн 10 миң доллар төлөгөн. 2015-жылдын кышында Макгрегор суукта тонгон үйсүз адамдарга 50 миң доллар бөлгөн.

Eurosport белгилегендей, 2019-жылы майда Конор үй-жайсыз 8 үй-бүлөгө Дублинден район курдуруп берген. Буга анын канча каражат короткону белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0