Якутскиде жашылча киоскилерин талкалаган адамдардын тобу кармалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейрасмий маалымат боюнча Якутияда 10 миңге чукул кыргызстандык иштеп жүрөт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Якутск полициясынын жетекчиси жашылча саткан киоскилерди талкалаган адамдардын тобу кармалганын маалымдап, чагымчылдыкка алдырбоого жана улут аралык араздашууну тутантпоого чакырды. Бул тууралуу ИИМдин аталган аймактагы башкармалыгына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутскидеги кыргызстандыктардын маселеси кантип чечилип жатат? Бийликтин жообу
Жекшемби күнү Якутиянын укук коргоо органдары жергиликтүү тургундун арызынын негизинде зордуктоо жана адам уурдоо фактысы боюнча иш козгогон. Тергөө 17-март түнү 23 жаштагы эркек киши аялды күчтөп автоунаага салып, гараж комплекстеринин биринде зордуктаганын аныктап чыккан. Андан кийин ал аялды унаа оңдогон жайга алып келип, эки досунун жанына таштап кеткен. Келин качып кетүүгө үлгүргөнү айтылат. Шектүү киши камакка алынып, анын эки таанышы кармалды.

Ал эми кылмыш Орто Азиядан келген мигрант тарабынан жасалды деген маалымат коомдо резонанс жаратып, митинг өтүп, жергиликтүү бийлик элге кайрылууга аргасыз болгон.

Кийин жашылча саткан күркөлөрдүн көбү иштебей калган.

"Якутск полициясынын жетекчиси жашылча саткан киоскилерди талкалагандар камакка алынганын айтты. Ал мыйзамга каршы аракеттенгендердин баары жазага тартыларын белгиледи. Абал көзөмөлдө", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын ИИМи кылмышка шектүү адам Кыргызстанда туулганын билдирген. Окуядан кийин өлкөнүн Миграция кызматынын, элчиликтин өкүлдөрү Саха республикасына барып, жетекчилик менен абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0