Якутскидеги кыргызстандыктардын маселеси кантип чечилип жатат? Бийликтин жообу

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зордуктоого шектелген киши учурда камакта.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн, 19-мартта, кыргыз делегациясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Якутскиге барганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Белгилей кетсек, 17-мартта Якутскинин жашоочусу зордукчулдун курмандыгы болгон. Кылмышка шектүү киши Кыргызстанда туулганын КРдин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкен. Аталган окуя Якутияда чоң талкууга жем таштап, жергиликтүү эл митингге чыккан. Шектүү камакка алынды. Кылмышка дагы эки киши шектелип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы суши-барда бычакталган киши тууралуу элчилик эмне дейт
Мындан сырткары, Якутиянын интернет айдыңында улутчулдук маанайдагы билдирүүлөр тарай баштаганы айтылууда.

Кыргыз элчилигинен билдиришкендей, делегациянын курамында Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов, Россиядагы кыргыз элчилигинин кеңешчиси Дастан Ниязалиев, Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиева жана ИИМ өкүлү Нурдин Жороев бар. Алар Якутиянын өкмөт башчысы, тышкы байланыш министри, тергөө башкармалыгынын жетекчиси жана Собор мечитинин имамы менен жолугушту.

"Эки тараптуу жолугушуу учурунда жаралган жагдай боюнча маалымат алмашуу жүрдү. Ошондой эле жаңжалды жөнгө салуу жана мындан аркы кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды. Кыргызстандын делегациясы Якутиянын бийлик өкүлдөрүнө кырдаалды жөнгө салууда кызуу кандуулукка алдырбаганы үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Якутиянын жетекчилиги кыргыз тарап жаралган жагдайга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурганы үчүн рахмат айтты. Ошондой эле мыйзамсыз негизде иштеп жүргөн мигранттарды аныктоо үчүн чара көрүлөрүн белгилешкен.

"Жергиликтүү бийлик менен иштешүү үчүн Якутиядагы кыргыз диаспорасына конкреттүү лидер тандалмай болду", — дешти элчиликтен.

Кыргыз делегациясы дин кызматкерлери менен жолугушуу учурунда чогулгандарды провокацияга алдырбай, жашап жаткан жердин мыйзамдарын жана салтын сыйлоого чакырды.

Мындан сырткары, кыргыз делегациясы Якутиянын ички иштер министри менен бүгүн жолукмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0