80 желим баштыкты жутуп алган дельфинди сактай албай коюшту

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДельфиндер. Архив
Дельфиндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай, Индонезия, Филиппиндер, Вьетнам жана Таиланд — айлана-чөйрөнү, экологияны пластик таштандылар менен булгаган дүйнөдөгү эң ири беш мамлекет деп табылган

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Таиланддын түштүк тарабында 80 желим баштыкты жутуп алган дельфинди өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Бул туурасында The Independent басылмасы жазды. 

Аны өлүмдөн куткарып калабыз деген адистер беш желим пакетти оозунан сууруп чыгууга аракет кылган. Баш-аягы сегиз килограммга жакын пластик баштык суу жаныбарынын тамагы менен ашказанына туруп калган. Анын кесепетинен же тамак жей албай же таштандыны андан ары жута албай, кыйналган.

Биолог-океанограф Тон Тамронгнавасават жаныбар пластик баштыкты жутуп алгандан кийин тамак жей албай каларын айтты.

"Эгерде ашказаныңызга мындай 80 баштык кирип кетсе, өлдүм деп эле эсептей бериңиз", — деген ал.

Нерпа аны тартып жатканын көрүп, канатын булгалап камерага түштү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Нерпа аны тартып жатканын көрүп, канатын булгалап камерага түштү. Видео
Таиландда желим таштандылардын кесепетинен жылына үч жүзгө чукул деңиз жаныбарлары өмүрү менен коштошот. Алар дельфиндер, деңиз таш бакалары, киттер.

Кытай, Индонезия, Филиппиндер, Вьетнам жана Таиланд — айлана-чөйрөнү, экологияны пластик таштандылар менен булгаган дүйнөдөгү эң ири беш мамлекет деп табылган.

Адистердин айтымына караганда, эгерде кандайдыр бир чаралар кабыл алынбаса, жакынкы он жылдын аралыгында дүйнөдөгү океандарда пластик таштандылар үч эсеген көп болот.

Кара дельфинде, илимде гринды деп аталган деңиз жаныбарларынун узундугу сегиз метрден узунураак болуп, салмагы үч тоннага чукулдап барат. Булардын мүнөзү жумшак, топ-тобу менен жашап, алыс аралыкка чейин сүзүп жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0