Трамп АКШга өлөсөлүү өлкөдөн чыккан мигранттардын кереги жок экенин жар салды

© AFP / JOHAN ORDONEZДепортация иммигрантов из Соединенных Штатов
Депортация иммигрантов из Соединенных Штатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Жогорку соту Ак үйгө алты мамлекеттин жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салган жарлыкты ишке ашырууга уруксат берди

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп конгрессмендер менен жолуккан учурда Америка Кошмо Штаттарына өлөсөлүү өлкөлөрдөн чыккан мигранттардын кереги жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Politico басылмасына шилтеме берип жазды. 

Маалыматка караганда, сенаторлордун тобу Гаити, Сальвадор жана Африка мамлекеттеринен келген мигранттарга тийиштүү компромисттик келишимди сунуштоо үчүн Ак үйгө барышкан.

"Кир тешиктен" келип жаткан адамдардын бизге эмне кереги бар?" — деп Трамп конгрессмендерге суроо салган.

Америка лидери АКШ Норвегия сыяктуу мамлекеттерден келген мигранттарды гана кабыл алуусу керектигин белгилеген.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
АКШ Назарбаевдин Трамп менен жолуга турган мезгилин кабарлады
Ак үй Трамп ушундай билдирүү жасаганын төгүндөгөн жок.

"Вашингтондогу айрым саясатчылар башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар. Ал эми президент Трамп ар дайым Америка элинин кызыкчылыгын ойлойт", — деп президенттин администрациясынын өкүлү Радж Шах билдирген.

Белгилей кетсек, Трамптын миграциялык саясаты шайлоо алдындагы кампаниясынын эң негизги тезиси болгон. Кечээ АКШнын Жогорку соту Ак үйгө алты мамлекеттин жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салган жарлыкты ишке ашырууга уруксат берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0