Өзбектер 22 миң адамга жетерлик аш басып дүйнөнү таң калтырууга бел байлады

© Фото / Sputnik УзбекистанӨзбекстанда даярдалган 6 тонна палоо
Өзбекстанда даярдалган 6 тонна палоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң көп палоо басып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети "Өзбегим" аттуу салттык фестивалдын алкагында расмий түрдө 8-сантябрь күнү өтөт

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өзбекстан 6 тонна палоо даярдоо менен дүйнөлүк рекорд жасап, Гиннестин китебине кирүүнү пландоодо. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди. 

Бул иш-чара "Өзбегим" аттуу салттык фестивалдын алкагында расмий түрдө 8-сантябрь күнү өтөт. Демилгечилер тамакты алдын ала Ташкенттин Алмалык шаарында жасап көрүшкөн.

Палоо диаметри 4,2 метр болгон казанда 8 миң литр суу менен даярдалды. Казандын салмагы 7070 килограмм болсо, тереңдиги 1 метр.

В американских сосисках и хот-догах нашли человеческую ДНК - Sputnik Кыргызстан
Америкалык киши 10 мүнөттө 72 хот-дог жеп рекорд жаңыртты
Мындай тамакты даярдоого 826 килограмм уй эти, 825,5 килограмм кой эти, 195 килограмм куйрук, 1650 килограмм күрүч, 2400 килограмм сабиз, 185 килограмм пияз, 350 литр май, 480 килограмм туз, 4,5 килограмм зире, 165 килограмм бөрү карагат, 90 килограмм буурчак, 3 килограмм кара мурч кошулган. Мындай тамакты жасоо үчүн Өзбекстандын 50дөн ашык белгилүү ашпозчулары чогулуп, жалпы жонунан 150 адам катышкан.

Ал эми палоону аралаштыруу үчүн узундугу 2 метр болгон депкир колдонулган. Даяр болгон палоо Алмалыктын 22 миң тургунуна таратылганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0