Бишкектин чок ортосунда "каракчы" өрттөлдү. Масленица майрамынын видеосу

Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда Масленица майрамы белгиленди. Эшиктеги суукка карабастан эл иш-чарага келип кетти.
Концерттик программа уюштурулуп, келгендер өрттөлүп жаткан каракчы куурчакты тегеренип бийлешти. Ошондой эле майрамдын катышуучулары блинден ооз тийип, сувенир сатып алышты.
Майрам Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда жана Фучик паркында дагы белгиленди.
Масленица — узак кышты узатып, жылуулук, жаркын маанай, жаңылануу тартуулаган шаңдуу майрам.
Жаңылыктар түрмөгү
0