Капталдап кир! Жуманазарованын финалда алтын медаль жеңип алган видеосу

Жазылуу
Чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу кыз Мээрим чехиялык Адел Ганзличкова менен беттешип, 8:2 эсебинде жеңип алган.

17-декабрга караган түнү 21 жаштагы Мээрим Жуманазарова кыргызстандыктардын кубанычын арттырып, Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнөлүк кубоктун алтын медалын утуп, чемпион болду.

UWW (United World Wrestling) уюму YouTube каналына 68 килограмм салмактагы финалдык беттештердин видеосун жарыялады.

Видеодон Жуманазарованын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун спортчуга күйүп-бышып кеп-кеңеш берип жатканын угуп-көрүүгө болот.

"Мээрим, тегеренип, капталдап иште! Кир жакындап. Бир колун ал, ии, кеттиң, манжаларды кереги жок. Бошобо!", — деп майда-чүйдөсүнө чейин айтып жатты Изабеков.

Видеодо кыргызстандык менен чехиялык машыктыруучулардын жан үрөп, өз спортчуларын сүрөп жаткандыгы өзгөчө учурлардын бири болгон.

Кубок мира по спортивной борьбе в Сербии - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабековдун намыска жараган үч кызы. Фотофакт
Эскерте кетсек, Нурбек Изабеков Сербияда мыкты көрсөткүч жаратып, катары менен медаль алган кыргызстандык үч кыз  — Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазаров жана Айпери Медет кызынын машыктыруучусу.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу кыз Мээрим Жуманазарова чехиялык Адел Ганзличкова менен беттешип, 8:2 эсебинде жеңип алган.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде Жуманазарова квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук, украиналык спортчулардан мыкты экенин көрсөткөн.

Жуманазарова ийининен операция болуп, бир жыл мелдештерге чыккан эмес. Бул кыргызстандык спортчу үчүн экинчи мелдеши. Буга чейин ал ноябрдын башында Польшада өткөн Poland Open 2020 эл аралык мелдешине катышып, анда да алтын медаль тагынган.

Эскерте кетсек, Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограммда Айсулуу Тыныбекова чемпион болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0