UFC Хабиб Нурмагомедовдун боло турчу беттешинин проморолигин жарыялады

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порьенин чемпиондук наам үчүн күч сынаша турчу мелдешинин проморолигин жарыялады.

Видео UFC Russia расмий Youtube каналына жүктөлдү.

Мушкерлер 7-сентябрь күнү Абу-Даби шаарында өтө турганы UFC 242 турниринин алкагында кармашат. 

Спортчулар кеченин башкы беттешинде жолукмакчы.

Порье соңку беттешинде америкалык Макс Холлоуэйди жеңип, лиганын утурумдук чемпиону болгон.

Россиялык мушкер соңку беттешинде ирландиялык Конор Макгрегорду утуп, чемпиондук наамын биринчи ирет коргоп калган. https://sputnik.kg/sport/20181007/1041439247/habib-nurmagomedov-konor-makgregordu-zhendi.html

Жаңылыктар түрмөгү
0