https://sputnik.kg/20260916/1103712081.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү... 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T19:00+0600
2026-09-16T19:00+0600
2026-09-16T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103711915_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b641d26592be3464a3b392f720789e16.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты жана эки жактуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыш иштери өсүп, кооптуу чегине жеткени айтылды. Бир жылдын ичинде сот жообуна тартылгандардын саны дээрлик эки эсе көбөйүп, абакты көздөй жол тарткандар кескин арбыды. Бул тууралуу аталган райондун прокурорунун улук жардамчысы Нурзада Молдокеева билдирди.Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 85 адамга карата 49 жазык иши каралып, бир дагы адам акталган эмес. Тескерисинче, каралган иштердин басымдуу бөлүгү өзгөчө оор беренелерге туура келип, 73 адам эркинен ажыратылган. Калгандарына айып салынып, бир гана адам пробациялык көзөмөлгө чыгарылган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыркы ушул мезгилде 26 гана адам абакка кесилген.Эң эле кооптуусу — наркобизнестин тузагына аялдар менен өспүрүмдөр да активдүү тартыла баштаган. Акыркы алты айдын ичинде эле сегиз аялга жана үч өспүрүмгө карата сот өкүмдөрү чыккан.
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин жыйынында аткаруу бийлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын аракеттерин кескин сынга алды. Эл өкүлү мурда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевдин айланасында жүргөндөр көөп кетишсе, андан кийин алардын орду өзгөргөнүн белгиледи.Ал бүгүнкү күндө эми аткаминерлер көчөлөрдөгү реалдуу көйгөйлөрдү моюнга алуунун ордуна эл өкүлдөрүнүн көтөргөн маселелерин “жалган” деп көрсөтүүгө аракет кылып жатканына нааразы болду. Атап айтканда, депутат Болот Ибрагимов Бишкектеги оңдолгон жолдордун кемчиликтери боюнча кайрылуу жасагандан кийин тиешелүү органдар тарабынан “депутат алдап жатат, жолдор түптүз” деген сыяктуу жооптор чыкканын сынга алды.
Кыргызстандык студенттер Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Росатомдун" Global Hackathon эл аралык чемпионатында үчүнчү орунга ээ болушту.Бул сынакка Кыргызстандын атынан катышкан Иса Ахунбаев атындагы КММАнын командасы буга чейин Бишкекте өткөн улуттук тандоо турунда биринчи орунду алып, жолдомо алышкан. Эл аралык финалда кыргызстандык командага жер титирөө жана цунами коркунучу жогору болгон тропикалык чөлкөм үчүн коопсуз атомдук шаардын долбоорун 24 саатта иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ата мекендик студенттер шаарды жээктен алысыраак суунун үстүнө жайгаштырып, реакторлор менен эсептөө системаларын муздатуу максатында суунун алдына орнотуу чечимин сунушташкан. Команда мүчөсү Атабек Бекматов белгилегендей, долбоорду иштеп чыгууда тропикалык климаттын өзгөчөлүгү, күчтүү сейсмикалык коркунучтар жана цунами сыяктуу табигый кырсыктардын тобокелдиктери толук эске алынган.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты жана эки жактуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыш иштери өсүп, кооптуу чегине жеткени айтылды. Бир жылдын ичинде сот жообуна тартылгандардын саны дээрлик эки эсе көбөйүп, абакты көздөй жол тарткандар кескин арбыды. Бул тууралуу аталган райондун прокурорунун улук жардамчысы Нурзада Молдокеева билдирди.Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 85 адамга карата 49 жазык иши каралып, бир дагы адам акталган эмес. Тескерисинче, каралган иштердин басымдуу бөлүгү өзгөчө оор беренелерге туура келип, 73 адам эркинен ажыратылган. Калгандарына айып салынып, бир гана адам пробациялык көзөмөлгө чыгарылган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыркы ушул мезгилде 26 гана адам абакка кесилген.Эң эле кооптуусу — наркобизнестин тузагына аялдар менен өспүрүмдөр да активдүү тартыла баштаган. Акыркы алты айдын ичинде эле сегиз аялга жана үч өспүрүмгө карата сот өкүмдөрү чыккан.Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин жыйынында аткаруу бийлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын аракеттерин кескин сынга алды. Эл өкүлү мурда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевдин айланасында жүргөндөр көөп кетишсе, андан кийин алардын орду өзгөргөнүн белгиледи.Ал бүгүнкү күндө эми аткаминерлер көчөлөрдөгү реалдуу көйгөйлөрдү моюнга алуунун ордуна эл өкүлдөрүнүн көтөргөн маселелерин “жалган” деп көрсөтүүгө аракет кылып жатканына нааразы болду. Атап айтканда, депутат Болот Ибрагимов Бишкектеги оңдолгон жолдордун кемчиликтери боюнча кайрылуу жасагандан кийин тиешелүү органдар тарабынан “депутат алдап жатат, жолдор түптүз” деген сыяктуу жооптор чыкканын сынга алды.Кыргызстандык студенттер Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Росатомдун" Global Hackathon эл аралык чемпионатында үчүнчү орунга ээ болушту.Бул сынакка Кыргызстандын атынан катышкан Иса Ахунбаев атындагы КММАнын командасы буга чейин Бишкекте өткөн улуттук тандоо турунда биринчи орунду алып, жолдомо алышкан. Эл аралык финалда кыргызстандык командага жер титирөө жана цунами коркунучу жогору болгон тропикалык чөлкөм үчүн коопсуз атомдук шаардын долбоорун 24 саатта иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ата мекендик студенттер шаарды жээктен алысыраак суунун үстүнө жайгаштырып, реакторлор менен эсептөө системаларын муздатуу максатында суунун алдына орнотуу чечимин сунушташкан. Команда мүчөсү Атабек Бекматов белгилегендей, долбоорду иштеп чыгууда тропикалык климаттын өзгөчөлүгү, күчтүү сейсмикалык коркунучтар жана цунами сыяктуу табигый кырсыктардын тобокелдиктери толук эске алынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103711915_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_18233c7cc84230704f58098060bdd009.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио