https://sputnik.kg/20260916/1103703856.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Сеул шаарында өткөн “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди... 16.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-16T15:00+0600
2026-09-16T15:00+0600
2026-09-16T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103703668_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2c92090954c4f22872fc4b127dd48d16.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Сеул шаарында өткөн “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мён катышты. Жапаров акыркы жылдары динамикалуу, ынтымактуу жана экономикалык жактан бири-бирине тыгыз байланышкан мейкиндикке айланган Борбор Азиядагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Мамлекет башчы Кореяны чөлкөмдүн ишенимдүү өнөктөшү деп атады. “Учурдагы этаптагы негизги милдет жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүк нугуна буруу болуп саналат”, — деди ал. Жапаров келишимдердин ишке ашуусун көзөмөлдөө жана саясий колдоо көрсөтүү ишин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине жүктөөнү демилгеледи. Экономикалык чөйрөдө Жапаров өнөр жай министрлеринин учурдагы консультативдик механизминин алкагында Инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүү демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, ири долбоорлорду каржылоо, өндүрүштү жандандыруу жана корей бизнесин чөлкөмгө тартуу үчүн биргелешкен инвестициялык фонд ачууну сунуштады. Мындан тышкары, президент технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектини киргизүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп, биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүү демилгесин көтөрдү.
Жогорку Кеңештин депутаттары Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева үч жылга соттолгон балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын иши боюнча пикирин билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылышты. Эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков ак халатчандардын атынан президентке жана парламент төрагасына кайрылып, Бейшебаеваны абактан бошотууну өтүндү. Ал кесипкөй дарыгер өз ишине кайтып, балдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк аларына үмүт артты. Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева бул маселе жеке бир гана дарыгердин эмес, жалпы ата мекендик медицинанын келечегине тиешелүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, бейтаптын абалынын начарлап кетиши — чоң трагедия жана мындай учурлар кылдат иликтенип, бейтаптардын укуктары толук корголушу керек. Ошол эле маалда медициналык татаалдашууларды кылмыш катары кароо өтө кооптуу экенин айтты.Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Буга дарыланып жаткан кыздын оорусу күчөп кетип, оң бутун ампутациялоого туура келгени себеп болгон. Буга чейин аталган борбордун жамааты да мамлекет башчысына кайрылып, көп жылдык тажрыйбасы бар адиске арачы түшкөн эле.
21-23-сентябрда Бишкек шаарында, 25-сентябрында Ош шаарында “Ынтымак жумалыгы-2026” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл иш-чара “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү, тынчтык куруудагы жаштардын жана аялдардын орду” темасында уюштурулат. "Жумалык коомдун туруктуу өнүгүүсүн камтыган маселелерди ар тараптуу талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасы катары каралууда",-деп белгиленет маалыматта.
Президент Садыр Жапаров Сеул шаарында өткөн “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинде сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Иш-чарага ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мён катышты. Жапаров акыркы жылдары динамикалуу, ынтымактуу жана экономикалык жактан бири-бирине тыгыз байланышкан мейкиндикке айланган Борбор Азиядагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Мамлекет башчы Кореяны чөлкөмдүн ишенимдүү өнөктөшү деп атады. “Учурдагы этаптагы негизги милдет жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүк нугуна буруу болуп саналат”, — деди ал. Жапаров келишимдердин ишке ашуусун көзөмөлдөө жана саясий колдоо көрсөтүү ишин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине жүктөөнү демилгеледи. Экономикалык чөйрөдө Жапаров өнөр жай министрлеринин учурдагы консультативдик механизминин алкагында Инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүү демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, ири долбоорлорду каржылоо, өндүрүштү жандандыруу жана корей бизнесин чөлкөмгө тартуу үчүн биргелешкен инвестициялык фонд ачууну сунуштады. Мындан тышкары, президент технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектини киргизүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп, биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүү демилгесин көтөрдү. Жогорку Кеңештин депутаттары Илимбек Кубанычбеков менен Жылдыз Садырбаева үч жылга соттолгон балдар нефрологу Насира Бейшебаеванын иши боюнча пикирин билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылышты. Эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков ак халатчандардын атынан президентке жана парламент төрагасына кайрылып, Бейшебаеваны абактан бошотууну өтүндү. Ал кесипкөй дарыгер өз ишине кайтып, балдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк аларына үмүт артты. Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева бул маселе жеке бир гана дарыгердин эмес, жалпы ата мекендик медицинанын келечегине тиешелүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, бейтаптын абалынын начарлап кетиши — чоң трагедия жана мындай учурлар кылдат иликтенип, бейтаптардын укуктары толук корголушу керек. Ошол эле маалда медициналык татаалдашууларды кылмыш катары кароо өтө кооптуу экенин айтты.Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу жана жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөп берүү өкүмүн чыгарган. Буга дарыланып жаткан кыздын оорусу күчөп кетип, оң бутун ампутациялоого туура келгени себеп болгон. Буга чейин аталган борбордун жамааты да мамлекет башчысына кайрылып, көп жылдык тажрыйбасы бар адиске арачы түшкөн эле.21-23-сентябрда Бишкек шаарында, 25-сентябрында Ош шаарында “Ынтымак жумалыгы-2026” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл иш-чара “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү, тынчтык куруудагы жаштардын жана аялдардын орду” темасында уюштурулат. "Жумалык коомдун туруктуу өнүгүүсүн камтыган маселелерди ар тараптуу талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасы катары каралууда",-деп белгиленет маалыматта.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/10/1103703668_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_675ffbcec6a142328e0c58b4917093e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио