Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме

© AFP / Andre RinguetteКостюмчан кызматкерлер. Архив
Костюмчан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын бир тобу өтө жогорку кызматтарда турса, ал эми ата-энеси өлкөгө белгилүү болгон адамдар.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жакында эле "КТ Мобайл" ишканасынын башкы директору Эрназар Иманкадыр уулу мурдагы эмгек жана социалдык жактан өнүгүү министри (азыр "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси) Иманкадыр Рысалиевдин баласы экендиги анык болду. Эске сала кетсек, ал Кыргызстандын учурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендиги да маалымдалды.

Өкмөт маалымат таратып, Абылгазиев бажасынын баласы Эрназар бул кызматта экенин билбестигин кабарлаган. Жана аны иштен алуу зарылдыгын айткандыгы кошумчаланган. Ал эми 16-майда Эрназар Иманкадыр уулу кызматынан бошонуу жөнүндө арызын берген.

Бул саясатчылар менен аткаминерлердин, депутаттардын балдары кирешелүү, жогорку кызматты ээлеген биринчи эле окуя эмес. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги топтом жасады.

Исхак Масалиев

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев

Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси, айтылуу Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев атасы негиздеген партияны жетектеп калган. Учурда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты. Төрага болууга кылган эки ирет аракети майнапсыз болгон.

Бакыт жана Аскарали Төрөбаевдер

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутат Бакыт Төрөбаев
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутат Бакыт Төрөбаев

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев былтыр, 2018-жылы, президенттик шайлоого катышарын айтып талапкерлигин коюп, бирок кайра алган. Эки жыл өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Ал Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты жана "Жалал-Абад электро" ишканасынын бир кездеги жетекчиси, энергетик Эргеш Төрөбаевдин уулу. Ал атасынын шайлоо компанияларына катышкан. Алгач жардамчы катары жүрсө, 2004-жылы шайлоо штабын жетектеген.

Бакыт Төрөбаевдин агасы Аскарали Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болгон. Андан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине барам деген аракети жыйынтык берген эмес.

Бактыбек Сыдыков

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Бактыбек Сыдыков
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Депутат Бактыбек Сыдыков

Бир кездеги кадырлуу саясатчылардын катарын Үсөн Сыдыков дагы толуктаган. Ал Бакиевдин президенттик аппаратын жетектеген. Азыр уулу Бакытбек Сыдыков Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты. Буга чейин "Манас" аэропортун башкарган.

Айсулуу Мамашова

© Sputnik / Эркин СадыковЖогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова

Жоюлуп кеткен Туризм агенттигинин экс-директору Турусбек Мамашовдун кызы Айсулуу Мамашова жаштыгына карабай эл оозуна эң көп алынган депутаттардын бири. 2015-жылы парламенттин VI чакырылышына "Ата Мекен" фракциясы менен депутат болуп келген.

Марлен Маматалиев

© Sputnik / Эркин СадыковЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев

"Республика – Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке ушул жылдын март айында депутат болуп келген. Марлен Маматалиев мурдагы вице-премьер Абдрахман Маматалиевдин уулу. Депутаттыка чейин ал бир катар министрлердин кеңешчиси жана жардамчысы болуп иштеп, бир нече жеке ишкананы башкарган. Уулу 2012-жылы өкмөттүн аппаратында иштеген.

Элвира Сурабалдиева

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева

Ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 2005-жылы киши колдуу болуп көз жумган Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Элвира Сурабалдиева 26 жашында атасынан калган "Кудайберген" базарын башкара баштаган. Учурда Элвира айым парламенттин депутаты.

Жумабек Салымбеков

© Фото / Азамат РажаповБишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек — КСПД фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Оокаттуу Салымбековдор кланынын өкүлү. Ошондой эле ал "Дордой Базарынын" генералдык директору.

Атабек Абжалиев

© Фото / Studio EKӨкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Атабек Абжалиев
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Атабек Абжалиев

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Ушул тапта өкмөттүн эл аралык мамилелер бөлүмүндө иштейт. Баса, Атабек Абжалиев өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүлгө үйлөнгөн.

Кубат Жантөрө уулу

Учурда коррупция беренеси боюнча шектелүүчү катары абакта жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин уулу Кубат Жантөрө уулу өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат секторунун адиси.

Мария Исанова

Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун кызы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүм башчысы. 2008-2010-жылдары ЖКнын депутаты болгон.

Аалы Карашев

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Аалы Карашев
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Аалы Карашев

Атасы Азим Карашев Кыргыз ССРи учурунда бир катар райондорду башкарып, жооптуу бир топ партиялык постторду ээлеп турган. Уулу Аалы Карашев эки ирет биринчи вице-премьер, бир ирет вице-премьер жана президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон. Андан сырткары, Ош облусу менен Кадрлар боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Венера Карашева

Азим Карашевдин кызы, Аалы Карашевдин карындашы. Бир нече жыл ЖКнын аппаратында эмгектенген. Учурда жалпы бөлүмдүн жетекчисинин орун басары.

Элеонора Исакова

Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Элеонора Исакова мурдагы коргоо министри, парламент депутаты Исмаил Исаковдун кызы.

Акылбек Жамангулов

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Альфа Телеком" ЖАКтын директору Акылбек Жамангулов
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
"Альфа Телеком" ЖАКтын директору Акылбек Жамангулов

Анын атасы Жекшен Жамангулов Алкоголь продукциялары менен спиртти өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору. Уулу – Акылбек 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал эми дал отузга чыккан күнү "Альфа Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасынын жетекчилигине дайындалган.

Бекназар Жекшенкулов

Бул жигит дипломат, саясатчы, учурда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун уулу. Учурда президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн эксперти.

Элгиза Раева

Мурдагы маданият министри, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раевдин улуу кызы Элгиза Раева өкмөт аппаратынын адиси.

Амина Рысалиева

Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин кызы. Азыр Кыргызстан өкмөтүнүн ЕАЭБдеги атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгында эксперт болуп иштейт.

Максат Сатаев

Эсеп палатасынын аудитору Зарылбек Сатаевдин уулу Максат Сатаев өкмөттүн аппаратында Курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча бөлүмдүн эксперти болуп иштейт.

Айжан Садыркулова

© Фото / Счетная палата КРЭсеп палатасынын аудитору Айжан Садыркулова
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасынын аудитору Айжан Садыркулова

Белгилүү саясатчынын кызы, президенттик администрациянын мурдагы башчысы, 2009-жылы өлтүрүлгөн Медет Садыркуловдун кызы. Учурда Эсеп палатасынын аудитору.

Канат Керимкулов

© Пресс-служба правительства КРӨкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн Өкмөт праграммасын мониторигдөө секторунун жетекчиси Канат Керимкулов
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн Өкмөт праграммасын мониторигдөө секторунун жетекчиси Канат Керимкулов

Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестиция бөлүмүнүн мониторинг секторунун башчысы Канат Керимкулов ЖКнын мурдагы депутаты, Дене тарбия жана спорт агенттигинин экс-директору Айдарбек Керимкуловдун баласы.

Бакыт Каниметов

Мурдагы депутат, Билим бирүү министринин экс-орун басары Жангороз Каниметовдун уулу Бакыт өкмөт аппаратынын Өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн адиси.

Расул Төлөнов

Экс-парламентарий Арапбай Төлөновдун уулу Расул министрлер кабинетинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн протокол секторун жетектейт.

Медер Өтөбаев

Атасы - белгилүү композитор, Кыргыз эл артисти жана бир кездеги президенттик аппараттын кызматкери Шамшыбек Өтөбаев. Уулу Медер учурда өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

Данияр Мукашев

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев

Айтылуу банкир жана экс-депутат Муратбек Мукашевдин уулу Данияр Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси жана БУУ менен Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп эмгектенип келе жатат.

Улукбек жана Бакытбек Мариповдор

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Счетной палаты Кыргызстана Улукбек Марипов у президента
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан
1/2
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов
© Фото / Зульфия ТургуноваАйыл окмоту села Кыргыз-Ата Ноокатского района Бакытбек Марипов
Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын башчысы Бакытбек Марипов - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын башчысы Бакытбек Марипов
1/2
Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов
2/2
Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын башчысы Бакытбек Марипов

Парламенттин эки жолку депутаты, азыр Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдун эки уулу мамлекеттик кызматта. Биринчиси — Улукбек Марипов Эсеп палатасынын төрагасы. Алмазбек Атамбаев президент кезде ага жардамчы болгон. Кичүүсү — Бакытбек Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башкарат.

Sputnik Кыргызстан бул теманы кийин да улантып, эл башындагылардын мамлекеттик кызматтагы уул-кыздарынын тизмесин берип турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0