Ызаланган ата-энелер. Соцтармакты чуу түшүргөн бала бакчанын көрүнүшү видеодо

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги бир керебетте 4-5тен, айрымдары полдо уктап жаткан балдардын видеосу тартылган бала бакча менен таанышып келди. Бакчанын директору мындай көрүнүш бир күн гана болгонун айтууда. Ал эми ата-энелер видеону көрүп ызаланып, баланын көптүгүнө нааразы болуп жатышат.

Бишкектеги №1 "Шоола" бала бакчасы 2008-жылы ачылган, учурда 320 бала тарбияланат. Жалпысынан алты тайпа бар, анын ар биринде 50дөн 70ке чейин бала болорун айтышат.

Мырзагүл Ашыр кызы ушул бала бакчага эки баласын берет. Видеодон балдарынын жатканын көрүп ызаланып турган чагы.

"Бала көп экенин билчүбүз, бирок мынчалык көп деп ойлобоптурбуз. Бир керебетте төрттөн жатат деп түшүбүзгө да кирген эмес. Экиден жатса мейли эле, баламдан сурасам "бул тарабымда да, тиги тарабымда да жатат" деди. Анын айтканына караганда, дайым эле ушундай болсо керек. Бир эле бизде эмес, шаар боюнча ушундай көйгөй бар. Чынында бала бакча жетишпейт. Буга өкмөт, министрлер чара көрүшү керек. Биз Кызыл-Аскерден, башкалар Маевка, Зарядан келишет. Бала бакчаларды көбүрөөк курушубуз керек", — деди Ашыр кызы.

Бакыт Чопкутов балдарды жерге жаткызып койбой, керебет жетпейт десе, алып берүүгө ата-энелердин мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогултулган. Сокулуктагы мектептин чуусу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогултулган. Сокулуктагы мектептин чуусу видеодо
"Баламдан сурасам эки досум болуп үчөөбүз жатабыз деген. Видеону көрүп алып шок болуп калдым. Бул жерге эки баламды бергем. Качан сурасак эле буламык жедик деп ачка болуп барышат. Кээде печенье жегенин айтат. Айына тамагына 1000 сомдон, жылына бир жолу ремонтко беребиз. Балдарыбыз ушул жерден бир нерсе үйрөнүп кетсе дейбиз да. Көп баланы бир бөлмөгө киргизип кой сыяктуу кармап турганы болмок беле?" — деп нааразы болот тарбиялануучунун атасы.

Ал эми бала бакчанын директору Айнагүл Малдыбаева бул кечирилгис ката экенин моюндап, аябай кейип жатканын билдирди. Бирок бир керебетте үч-төрттөн эмес, экиден жатышарын белгилейт.

Буга чейин ал ортончу тайпанын бөлмөсүнүн полу сырдалгандыктан балдар кичүүлөргө кошуп жаткырылганын айткан. Ал учурда өзү бала бакчанын айланасын тазалаганы ишембиликке чыгып, тарбиячылардын минтип жаткырып койгонун көрбөй калганын билдирген.

Директордун айтымына караганда, ал күнү 34 керебети бар бөлмөдө 100дөн ашуун бала уктаган.

"Бул абдан кечиргис иш болду. Аябай капаланып, сарсанаа болуп турам. Буга чейин мыкты бала бакча сынактарына катышып, көп жолу биринчи орунду алганбыз. Анан эле ушинтип кырсыктап калдык. Чынында эле бизде бала көп. Балдардын санын азайтууну пландап жатабыз, ага 15-майга чейин мөөнөт беришти", — деди директор.

Учурда аталган бала бакчаны Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгы, Бишкек шаардык мэриясы жана прокуратура текшерип жатат. Азырынча жетекчилигине чара көрүү маселеси чечиле элек.

Балдардын тыгылып жаткан видеосу 19-апрелде тартылганы менен социалдык тармакка 23-апрелде тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0