Баткен облусунун Исфана шаарындагы мал базарга жергиликтүү тургун карышкыр алып келди. Бул туурасында ага күбө болгон Өктөм Таштемиров билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эртең менен жашы 50гө таяган киши Исфанадагы мал базарга бөрүнү алып чыккан. Кардарлар аябай көп болуп 10 миңден 25 миң сомго чейин баа беришкен. Бирок ээси сатпай кайра алып кетип калган.