Финполго Германиянын жараны кайрылып, Жумалиев жана анын жакындары андан бир миллион долларга жабдуу алганын айткан.
Конкурса катышууга 150 талапкер ниеттенип, анын ичинен жарым финалга 80 кыз чыккан, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышты.
Агайын-туугандан башка жакындарга мамиле кандай болгон. Кадырлаштын кадыры, сапарлаштын санаты кайсы? Кызык болсо улай окууну колумнист Шаакан Токтогул сунуштоодо.
Михаил Мишустин чет элдиктер Россиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо визаны оңой жол менен ала аларын жарыялады.
Коронавирус аныкталган бейтаптар менен байланышта болгондордун ичинен 1612си алардын жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү.
Акимдин орун басары вирус жуктургандар Благовещенко жана Бостон айылынын тургундары болгонун айтты.
Кечээ, 26-февралда, дүйнө жүзү Эл аралык жай баракат жашоо күнүн белгиледи. Мен деле бул колумнистиканы кечээ баштагам, бирок...
Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров Кыргызстанга келүүнү каалаган чет өлкөлүк конокторго виза берүү шарттары жеңилдетилгенин айтты.
Кыргызстандын Тышкы саясий ведомствосу виза боюнча киргизилген жаңычылдыктар өлкөгө туристтердин келишин жеңилдетет деген ойдо.
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.
Мамлекет башчы буга чейин 11 бир тууган экенин, анын үчөө каза болуп калганын айткан. Учурда бир агасы — элчи, иниси — депутат.
Заворотнюктун туугандары актриса үчүн кабатыр болуп жаткандарды анын сакайып кетиши үчүн тилек кылууга чакырып, бирок түрдүү маалыматтарды элге жарыялабоону суранды.
"КТ Мобайл" ишканасынын айланасындагы чуудан кийин өкмөт башчынын туугандары кимдер экенине коомчулук кызыга баштаган.
Жаңы үйлүү болгон келиндин үч жыл мурда жолдошу каза болуп калган.
Депутат Карамушкина өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына Руслан Матраимов Финчалгындоонун жетекчиси менен тууган экенин жазып чыкты.
Таластын район башчылары башка аймактардын акимдеринен айырмаланып мал бакпайт. Бирок "турак жайым жок" деп мусапырланган жагынан окшоштук бар. Ал эми Манас районунун акими алачыкта жашайт десе ишенесизби? Дагы кимдин кандай байлыгы бар, төмөндөгү материалга көз чаптырыңыз.
Нарын облусундагы акимдердин байлыгын карап бир топ кызыктарды байкоого болот. Биринде төрт үйү, экинчисинде төрт автоунаа бар. Дагы башкасы бир короо кой, бир үйүр жылкы багат. Ошол эле учурда төрт акимдин үйү жок, кайда жашап жатканы белгисиз.
Сары-Өзөн Чүйдүн райондорун башкарган акимдердин жарымынын үстүндө үйү жок. Үй-бүлө мүчөлөрү андан өткөн жакыр. Эң эле байы Москва районунун акими. Туугандары менен кошулуп эки-үчтөн турак жайы, унаага ээлик кылат. Жылдык кирешелери 5 миллион сомго чукулдайт.
Акылбектин паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугунан Франциядан табылган бир тууган иниси менен жолуга албай жүрөт.
Тууган-туушканга баарынан Жалал-Абаддын тургундары азыраак колдоо көрсөтөт экен.