Бишкекте кайсы чиновник, депутаттын уул-кызы шайлоого катышып жатат. Тизме

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
Жазылуу
Мурдагы президенттин уулу, "уялчаак" депутат атка конгон Камчыбек Жолдошбаевдин кызы жана башка парламентарийлердин жубайы, бир тууганы мандат алууга камынып турат.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн, аткаминерлердин жана башка атактуу адамдардын жакындары да ат салышууда. Редакциянын эсеби боюнча, алардын саны 24кө жетет.

"Ынтымак" партиясы

  • Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, 38 жашта. "Беш-Сары-К" компаниясынын башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы.
  • Шарапова Жибек Закировна, 31 жашта. "Сезимтал" инклюзивдүү билим берүү мектеби" мекемесинин башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шараповдун кызы.
  • Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта. Kainar Navi, Dental systems жана "ГОЛД СТАР АА" ишканаларынын жетекчиси. Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгуналы Абдраимовдун уулу.
  • Узакбаев Чыңгыз Камчибекович, 33 жашта. Кыргыз улуттук университетинде декан. "Шумкар Уя" ЖЧКнын, "УМА групп" курулуш компаниясынын жана Эл аралык медициналык колледжинин жетекчиси. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин уулу. (Белгилей кетсек, Аймактык шайлоо комиссиясы Чыңгыз Узакбаев өзүнүн берген арызынын негизинде 18-марттан тарта тизмеден алынганын билдиришти). 

"Эмгек" партиясы

  • Пирматова Асель Айтбаевна, 51 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун бир тууганы.
  • Салымбеков Жумабек Мамытбаевич, 45 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. ЖКнын экс-депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу.
  • Шин Сергей Романович, 46 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. ЖКнын экс-депутаты Роман Шиндин уулу.
  • Усубалиев Эрмек Сыргакович, 47 жашта. Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин небереси.

"Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы"

  • Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна, 41 жашта. "Бай Элим Компани" ЖЧКнын башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жубайы.
  • Чолпонбаева Нуриля Мукаровна, 40 жашта. С&Т Consulting компаниясынын башкы директору. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаевдин кызы.
  • Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 41 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Экс-башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы

  • Осмоналиев Тимур Каныбекович, 28 жашта. DIGITAL долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө котормочу. Премьер-министр Улукбек Мариповдун кеңешчиси Каныбек Осмоналиевдин уулу.
  • Шайлобек Тегин Адилет 30 жашта, BIO Medical System мекемесинде эл аралык мамилелер боюнча адис. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин уулу.

"Социал-демократтар партиясы"

  • Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, 28 жашта, эч жерде иштебейт. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу.

"Улуу-Журт" партиясы

  • Асанова Элнура Курсановна, 28 жашта, жеке ишкер. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызы.

"Тандоо эркиндиги" партиясы

  • Назаралиева Алима Жеңишбековна, 22 жашта, жумушсуз. Белгилүү нарколог, КР президенттигине талапкер Жеңишбек Назаралиевдин кызы.

"Реформа" партиясы

  • Акенеев Азамат Жумакадырович, 43 жашта, жеке ишкер. Мурдагы айыл чарба министри, экономика боюнча эксперт Жумакадыр Акенеевдин уулу.
  • Султанов Бакай Алимбаевич, 35 жашта, жумушсуз. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Алымбай Султановдун уулу. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы экени маалым.

"Замандаш" партиясы

  • Өмүракунов Аскар Мухтарбекович, 25 жашта. Партиянын лидери. "Замандаш" партиясынын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун уулу.

"Кыргызстан коммунисттер партиясы"

  • Масалиева Каныкей Исхаковна, 40 жашта. "Нуртелеком" компаниясында мамлекеттик органдар менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиевдин кызы

"Власть народу" партиясы

  • Абдылдаев Ислам Нурдинович, 26 жашта. "Медер трейд" компаниясында юрист. Өзгөчө кырдалдар министринин мурдагы орун басары, Бишкек шаарынын мэрине талапкер (2017-жыл) Нурдин Абдылдаевдин уулу.

"Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы

  • Воинов Тимур Александрович, 36 жашта. Эч жерде иштебейт. Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воиновдун уулу.
  • Жекшеев Азият Жыпарович, 34 жашта, жумушсуз. Легендарлуу парламенттин депутаты, КТРКнын Байкоочу кеңешинин экс-төрагасы Жыпар Жекшеевдин уулу.
Жаңылыктар түрмөгү
0