00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чиновниктердин Бишкек менен Ошко депутат болчу балдары жана туугандары. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги участкасында кыз шайлоочулардын тизмесин карап жатат. Архив
Бишкектеги участкасында кыз шайлоочулардын тизмесин карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Шаардык кеңештерге депутат болуп келчүлөрдүн бир бөлүгү Жогорку Кеңеш депутаттарынын уул-кызы, бир тууганы жана жубайы экени маалым болду.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Автоматтык саноо урналары добуштарды толугу менен эсептеп бүтүп, жыйынтыгында республикалык маанидеги Бишкек шаардык кеңешине алты, Ошто төрт партия өттү. Бул шайлоонун алдын ала жыйынтыгы деп эсептелет. Расмий жыйынтык кол менен эсептелгенден кийин чыгарын белгилей кетүү керек.
Мандатка жеткен талапкерлердин арасында шаардык кеңештин учурдагы депутаттары, ишкерлер жана чиновниктердин уул-кыздары, жакын туугандары бар.
Бишкек шаарында биринчи орунду камсыздаган "Эмгек" партиясы менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Роман Шиндин 46 жаштагы уулу Сергей Шин мандат алды. Ал буга чейин да шаардык кеңеште отурган, депутат болуп кайрадан шайланды десе туура болчудай.
Добуш санап жаткан БШК кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Анжеликага мандат жетпей калды. Бишкекке депутат болчулардын тизмеси өзгөрдү
Негизи эле бул партия ишкерлер Салымбековдордун үй-бүлөсүнө таандык. Аскар Салымбековдун бир тууганы маркум Шаршенбай Мааткабыловдун 39 жаштагы уулу Руслан да депутат болду. Ал A.S. Dordoi компаниясынын башкы директору.
Шайлоонун алдында жаңыдан түзүлүп чыккан Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын (НДПК) катарына учурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев кошулуп, кайрадан креслосуна отурары күтүлүүдө. Ал мурунку башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.
Буга чейин ишкерлик менен алектенген ЖК депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова да мандатка илешти.
"Ынтымак" партиясы дагы быйыл эле негизделип, биринчи ирет шайлоого катышты. Ошого карабай бешинчи орунду камсыздаган. Бул саясий уюмдун тизмеси менен ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева жана бир тууган иниси Таалайбек Сариев депутат болгону жатат. Экөө тең кайра шайланды, 2016-жылы "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын желеги астында мандат алышкан.
Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Ош, Бишкектен башка чоң шаарларда кайсы партия канча мандат алат?
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Закир Шараповдун 31 жаштагы кызы Жибек Шарапова шаардык кеңештен орун алары белгилүү болду.
Ош шаарында шайлоочулардын 48 пайыз добушун алган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен ЖК депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы иниси Нурзаман Алимбеков мандатка жетти. Ал буга чейин да Ош шаардык кеңешинде депутат болуп отурган.
Экинчи борбордо мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун карындашы Нуркыз Кадырбек кызы "Ыйман Нуру" партиясы менен депутат болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0