Айжанды (аты өзгөртүлдү — ред.) кичинекейинде өз тууганы зордуктап койгон. Ал эми студент кезинде атадан албаган мээримин агайынан издеп, бирок аягында бармак тиштеп отуруп калган. Бирок ал чөгүп кетпей, жаркын жашоо үчүн күрөштү токтоткон эмес. Учурда сүйүктүү жолдошу менен бактылуу жашап жаткан кези.
Айжан башынан өткөргөн зомбулуктарды жана андай абалдан кантип чыкканы тууралуу айтып берүүгө макул болду. Бирок жаңы жашоосун бузуп албоо үчүн аты-жөнүн ачык айткысы келген жок.
— Айжан, кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз эле, ата-энеңиз ким болуп иштейт?
— Баткен жергесинде төрөлүп-өстүм. Ата-энем жашында көр оокаттын айынан окуй албай калышкан экен. Жыйынтыгында азыркыга чейин чет өлкөдө кара жумуш кылып жүрөт. Сегиз жашка чейин ата-энемдин колунда болдум. Андан соң алар Россияга кетип, мени бир туугандарым менен атамдын эжесине таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Коркунучтуу жашоом ошол кезден башталды. Кийин мен бой жетип калганда апам оорусунан улам Кыргызстанга келип, бизди эжемдерден алып кетти. Атам кээде гана келип турат.
— Сиздин намысыңызга тийген адам ким эле?
— Анда 2-класста окучумун. Эжемдер жумуштары менен бир жакка кетишкен. Мен жалгыз калдым. Үй жыйнап жаткан кезимде бизге жакын жашаган туугандарыбыздын бой жеткен эле баласы келип калды. Жаман оюм жок эле жылуу кабыл алып, өз ишимди уланта бердим. Бир кезде мени башка бөлмөгө алып кирди. Кантсе да мен кичинекей кызмын да, эч нерсени түшүнбөйм. Күч колдоно баштаганда ага каршылык көрсөткөнгө алым жеткен жок. Өз ишин бүтүрүп чыгып кетти. Мен ыйлап отуруп, эжемдер келер маалда өзүмө келип эч нерсе болбогондой отуруп калдым. Аларга айтсам аны эмес, мени урушчудай сезилип аябай корктум. Кыйналсам да ичим ооруп жатат деп жашырып жүрдүм. Эч ким менен бул сырды бөлүшө албадым.
— Ошол боюнча эч ким билген жокпу?
— Мындан улам мектепте окууну таштап салган жоксузбу?
— Жок, эжем аябай талапты катуу коюп, сабактарымды текшерип турчу. Андан сырткары, мен дагы өзүмдү-өзүм кыйнап, түнү менен болсо да окуп, бугумду сабактан чыгарчумун. Мени эч ким жектебесе да ичимдеги нерсе элден четтетип турчу. Башка тараптан, коомчулуктан алыс болсом да сабактан алдыңкылардан болом дечүмүн. Эң жакын досум китеп болду. Мектепте мугалимдер мага ишенип, көптү үмүттөнөр эле.
— Жогорку окуу жайга тапшырдыңызбы?
— Ооба, университетте дагы жакшы окудум. Сүйлөө чеберчилиги боюнча өзүмдүн курсумду ачтым. Көптөгөн окуучуларым мага ыраазычылыгын айтып жүрүшөт. Алып баруучу болуп, өздөрү да курс ачып иштеп калгандар бар. Андан сырткары, мусулман элинин парзы катары кыздарга курс сыяктуу семинарларды өткөрүп жүрдүм. Радиого да жумушка кирип, бирок шартка байланыштуу кайра чыкканга туура келди.
— Студент кезде да бир чалынган экенсиз...
— Муну зордуктоо деп айтууга болобу, билбейм. Кыскасы өзүм да жол берип койдум окшойт.
Арадан бир канча убакыт өткөн соң чыныгы сүйгөнүмө жолуктум. Ага толук ишенип, аны сыйлаганым үчүн кичинекейимдеги окуяларды айтып бердим. Ал туура кабыл алып, тескерисинче, мага жаркын жашоого үмүт берди. Мындай адамдар аябай аз. Башка бирөө болгондо муну укканда мени дагы алдап, "ансыз деле кыз эмессиң" деп дагы ошондой жолго бармак. Ал менин чачымдын учуна да тийген жок. Бирок кашайып ортодо кайдан-жайдан баягы агайым чыгып азгырып кетти.
— Кандайча азгырып кетти, ага кайра жолуктуңузбу?
— Мага соцтармактан жазып жолугушууга чакырды. Жетпей калган нерсе бизге укмуш көрүнө берет турбайбы. Биринчи жолу жылуу сезим жараткан киши менен бир жолу болсо дагы жолугуп сүйлөшүп көргүң келет экен. Жок дегенде аны менен бетме-бет сүйлөшүп, мурунку таарынычымды айтып алгым келген. Ошентип, жолугушууга чыктым. Ал романтикалуу маанайда машинасынын жанында колундагы гүлү менен тосуп алды. Жылуу сөздөрү менен менин таарынычымды да унуттурду. Тамактанууга дагы жакшы жерге бардык. Ал жактан кийин жок дегенге болбой дагы бир жерге барып келели деп бир үйгө алып барды. Таң калдым, албетте, анын мындай мамилесинен чочулап дагы жаттым. Бир жагынан билимдүү көрүнгөн агайымды зордуктоого барбаса керек деп үмүттөндүм. Бирок менин бир күндүк романтикалуу жашоомдун аягы да кичинекейимдеги каргашалуу окуя сыяктуу болуп аяктады. Канчалык аракет кылсам да өзүмдү коргоого күчүм жетпеди. Иши бүткөндөн кийин кайра мага "сен эмне кыз эмес белең" деп басынтып кирди. Эмне кыла алмак элем, ыйлактап отурсам "тиктирип ал" деп кетип калды.
— Ал убакта сиз окуган, чоң эле кыз экенсиз, эмнеге укук коргоочуларга кайрылган жоксуз?
— Канчалык укугуңду билип турсаң да баягы эле "эл эмне дейт" деген нерсе бизди кармайт экен. Аны айтсам дагы эле мен өзүм күнөөлүү болмокмун. Бизде зордуктаганы ачык көрүнүп турса деле "өзү баштаган, өзү күнөөлүү" деп чыга калышат эмеспи. Ал эми менин окуям таптакыр эле акталмак эмес. Андан соң стресс, депрессияга кабылып аябай каттуу ооруп калдым.
— Анан бул абалдан кантип чыгып кеттиңиз?
— Мындай окуяга дуушар болгон кыздардын айрымдары жашоодон үмүтүн үзүп коюшат. Сизди эмне кармап калды?
— Туура айтасыз, мен деле өз өмүрүмө кол салайын деп аз жерден калгам. Ушуну менен жашоо бүтүп калчудай сезилген. Көрсө, бул кадыресе көрүнүш экен. Мен айланамдагы кыздардан мага окшоп кичинекейинен зордукка кабылгандар көп экенин билдим. Алар да коркуп ичине жашырып жүрө беришет. Качан гана мен аларга айтып бергенде ачылышат. Андай зомбулуктан кийин стереотип жана каада-салттардын айынан "менин эч кимге деле керегим жок, кыздыгым жок ким кабыл алмак эле" деген ойдо же чөйрөдөгүлөрдүн басынтышынан коркуп өз өмүрүнө кол салгандар да жок эмес. Зордуктоого кабылгандыгын шылтоолоп, көрүнгөн эркектин кучагында жүрүп, көпөлөккө айлангандар болот.
Мындай кезде бир гана ыйманын күчөтүп, өз абийиринин астында таза болууга аракет кылуу керек. Жашоо аны менен эле бүтүп калбайт.
— Жогоруда бир жигитти кезиктиргениңизди айтып, кайра башка темага өтүп кеттиңиз. Ошондо ал азыркы жолдошуңузбу?
— Ал мага кудайдан берилген белек. Мен депрессияда жүргөндө ошол адам мага ишенип жашоого үмүт берди. Баарын төкпөй-чачпай айтып берүүмдү суранды. Албетте, аны да жоготуп алуудан корктум. Алгач укканда бир аз башкача боло түштү. Көпкө ойлонуп, анан кайра мага "көп ойлоно бербе, бардык адам жаңылат. Эң башкысы, азыр мени сүйсөң жетиштүү" деп сооротту. Бул нерсеси үчүн мен аны өмүр бою сыйлап өтүүгө даярмын. Ал иштери менен көп убакытка чет өлкөгө кеткенде да күтүп жашадым. Экөөбүз үй-бүлө куруп, бактылуу жашап жатканыбызга аз эле убакыт болду.
— Экөөңөрдүн ортодогу сырды жолдошуңуздун үй-бүлөсү билген жокпу?
— Учурда ден соолугуңуз жакшыбы?
— Ооба, буюрса жакшы. Мурунку стресстен улам оорум жүрөгүмө жеткен болчу. Акырындап жакшы болуп баратам. Жаман көз ирмемдерди эстеген сайын дагы бир жолу жашагандай болом. Ошондуктан жакшы нерселерди гана ойлоп жүрүүгө аракет кылам. Жолдошум да түшүнүү менен мамиле жасайт.
— Ушунча окуяны баштан өткөргөндөн кийин кандай тыянак чыгардыңыз?
— Эң башкысы, балдарымды өз колумда чоңойтуп, билимдүү жана ыймандуу болушун тилек кылам. Анткени балага кичинекейинде мээрим жетишпесе мага окшоп башкалардан жылуу мамиле күтүп ар кандай нерселерге кабылышы мүмкүн. Эч нерседен кем кылбайм деп алыстан акча салып туруу менен мээрим бере албайт. Колумда бар болобу, жокпу, өзүмө жетиштүү каражат тапсам эч качан балдарымдын жанынан кетпейм. Ал эми жумушсуздук, кылмыштуулук, туура эмес көз караштар, өзүнө, башкаларга болгон туура эмес мамиленин баары дал ушул билимсиздиктен келип чыгууда. Андыктан өзүм да билим алууну токтотпой, кийин балдарымдын дагы толук кандуу билим алуусуна шарт түзүп берем.