Тизгин жаяр
Ааламга айгай салып жаралып келген ар бир жандын кудайдан буюрган ата-энеси, көктөн буюрган ага-тууганы, теңирден буюрган теңи болот эмеспи. Андан сырткары, кайыптар кошкон кадырлаш жакындары да бар. Алардын ар бири менен мамиле куруунун өз жолу бар. Турмуш жолунда бет келишип, капилет тааныш болуп, кокустан же атайы жолугуп жүрүп отуруп ынак болуп, сыйлашып, сырдашып, баркташып-кадырлашып, керек болсо антташып, мамилелер ансайын тереңдейт. Тетирисинче, өтө кызыл бат оңот дегендей, өтө ысык мамиледе болуп, заматта бири-биринен кол үзүшкөндөрү да көп.
Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз
Кайып кошкондор
Бала кезиңдеги досторуң — курдаштарың, сени менен мектепте чогуу окугандар — классташтар, бир айылда жашагандарың — айылдаш, каны бирге жакының — кандаш болот. Бала кезден сырыңды айткан кишиң — сырдаш, алыс сапар аттансаң чогуу болгондор — сапарлаштар, чоң окуу жайда чогуу окугандар — курсташ, группалаш. Классташ, курсташ, ынактардын баары теңтуштар делет. Айланаңдагы сенин учуруңда, сенин дооруңда жашап жаткандар — замандаштар, бир кезде бир дасторкондон даам сызып, бир аяктан аш жеген адамың — насиптеш, жашаган жери бирлер — канатташ, жашоого ою, көз карашы бирлер — талапташ аталат, Жакшылыгыңа кубанып, түйшүгүңө кошо түйшөлө алгандарың — чын санаалаш, алыс сапарга же бир жолу, же бир нече жолу, же өмүр бою багыты бир адамдарың — жолдош, өмүрүн сага арнаган алган жарың — өмүрлөш, көңүлү жакын утурумдугуң — көңүлдөш, чыны менен эл ишинде чогуу жүрөрүң — үзөңгүлөш болот. Улуу иштер буйруган болсо, тагдыры бирлер — тагдырлаш, өмүрдүн кай бир бүктөмүндө бет келишип, бири-бириңе жылуу мамиле пайда болгондор — тааныштар, өң тааныш болот, жакшы тааныш делет. Чоңойгон айылы бирге, ата-баба, тек, тамыры бирге, антташкан достугу бар ынактарды тамыр дейт. Ал эми айылы, тамыры бир болбосо деле, көп жолу сыналган, көп нерсени чогуу көргөн, бири-биринен түбөлүк кол үзбөгөндү, акыр-аягы антташып Аккан менен Курманбектей убадага бек турганды дос дейт.
Тогуз кесеп, жети кырс. Бирөөнөн уурдасаң өзүңө, элден уурдасаӊ тукумуӊа доо кетет
Булардын баары куракка жараша, баалуулукка, тандаган жолго, көздөгөн багытка жараша катыша тургандарың. Булардын баары сенин жашооңдо кайыбынан кабылган, демек сен үчүн бере турган же пайдасы, же зыяны менен кошо сабагы бар кишилер. Пайданы, кызыкчылыкты көздөгөндөр денеге жабышкан кумдай бир силкинүүгө чыдабай калып калат. Ал эми адамдыкка байлангандарың өмүр бою жакшылыгыңда кубанып, азабыңда кол созуп жаныңда болот.
Аяш жолу бир башка, адаш жолу бир башка
Баарын эле дос экен дей беребиз. Ал да болсо жолун билбегендик. Албетте, кайыптар кошкон соң кайсы бир деңгээлде катышың, мамилең улана берет. Бирок эркек аял менен дос болуп алса ынактыкты башкача жоруур элек, кичүүлөр менен дос болуп алсаң "атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот", тең теңи менен болбойбу дейт. Улуулуктун белгиси устаттык, андыктан өзүнөн улуу, бирок жакын санаалаштарды дос деп айтуу анын жашын сыйлабастык болуп калар эле.
Кээ кишилер бийликте, мансапта, учурдагы удургуган саясатта дос-тамырын, курбу-курдашын, жакын санаалаштарын бир тарапта болушун талап кылып, башка бирөөнү колдосо кадимкидей таарынат. Бирок бир жаздыкта жаткан аялың деле, бир казандан аш ичкен бүлөң деле, жакын санаалашың деле жашоого ою, турмушка көз карашы, көздөгөн баалуулугу ар башка болушу мүмкүн да. Демек, жакындыкты, жеке адамдык баалуулукту, жеке кызыкчылыкты да сыйлай билүү, сыйлай алуу кажет.
Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу
Сыйга — сый, сыр аякка — бал
"Тирүүлүк көркү сый менен, өлүмдүн көркү ый менен" дейт. Анын сыңары, кишиликтин эң бир бийиктиги да адамдыктын эң бир асылдыгы да — сый. Агайын-тууганга карата "агайын-тууган болсо да, сыйлашпаса жатча жок" деп айтылгандай, жакындар менен мамиле да сый менен куралып, сый менен гана уланат. Качандыр бир, кайдандыр бир жолу бир дасторкондо даам сызып калган кишисин "насиптеш" болдук деп кадырлап, тагдырдын сыноосунда бет келишип калса ошону эстеп, кыя өткөн эмес кыргыз. Чыны менен сыйлашуу бул тирүүлүктөгү эң бир негизги баалуулук эмеспи. Ошондон улам олуя Толубай сынчы "калган көңүл менен чыккан жан табылбайт" деп айткан эмеспи.
Тизгин жыяр
"Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин киши менен неси бар" дейт. Киши — киши менен киши. Айыбынын айынан, аялынын айынан, пейил-мүнөзүнүн айынан элден безип, эч ким менен ымала кылбагандар болгон. Кээсинин жолу катуу болсо, көпчүлүгү акыр-аягында элге кошулган.
Хан болуп кетсең да!.. Достор ортосундагы 7 "болбойт"
Кишичиликтин жалгыз белгиси эле дос-жар күтүнүп, тааныш-тамыр тутунуп, алардын баркына жетип, орду менен сыйлап, көңүлүн күтө билүү эмеспи. Бир кызыкчылыкка байланса андай жакындыктын жолу кыска, канаты да жок. Адамдыкка байланса арышы кенен болор. Неси болсо да кайыптар кошуп ар бирибиздин энчибизге буйруган асылдарыбыз, алтындарыбыз аман болуп, орду менен сыйлашып, ыгы менен ыйлашып, жөнү менен жанашып, жолу менен колдошуп жашай берели…