Мекендештер оюндарында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды ээлешет

© Фото / Российский центр науки и культуры в БишкекеБүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Архив
Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
"Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси аталган мекеме жаштар менен кандай иштерди алып барганын белгиледи. Ал Кыргызстандан барган катышуучулардын спорттук ийгиликтери тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси Дмитрий Федотов "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" мелдешинде Кыргызстандын спортчуларынын ийгиликтери тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси Дмитрий Федотов
Мекендештер оюндарында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды ээлешет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
"Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси Дмитрий Федотов

Ал жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

Федотов белгилегендей, жаштар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулуп келет, тогуз жаштан баштап бардык курактагы топтор камтылган.

"Бизде кичинекей балдар үчүн "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" сыяктуу чоң программа бар. Ал мелдешке ар кайсы өлкөлөрдүн балдары күчүн сыноо үчүн келишет. Кечээ "Русский дом" мекемесине кирип, Кыргызстан дээрлик дайыма биринчи орунду алып келгенин көрдүм", — деген ал.

Ырасында анын "дайыма" деген сөзүн көпчүлүк учурда деп оңдошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0