Хабиб сыяктуу тосушкан жок... Физиев соцтармакта айтылгандарга пикир билдирди

© Sputnik / Александр ГальперинКыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Август айынын башында Кыргызстанга Хабиб Нурмагомедов келген. Аны дасторкон жайып, жогорку деңгээлде тосуп алышкан. Ал эми Физиевди үй-бүлөсү гана тосуп чыккан. Соцтармакта бул эки учур салыштырылып, бир катар нааразычылыктар айтылды.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстанга келгенде күйөрмандар тосуп чыкпаганы тууралуу социалдык тармактарда айтылып жаткан пикирлерге карата комментарий билдирди. Ал кайрылуусун өзүнүн Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө чыгарды.

Буга чейин социалдык тармактарда "Атаман" каймана аты бар Физиевди аэропорттон UFC уюмунун мурдагы чемпиону, россиялык Хабиб Нурмагомедовду тосуп алгандай эч ким күтүп чыкпаганы айтылган.

"Атаман" Кыргызстанга мурдагы күнү келген. Соцтармактарда аны аэропорттон үй-бүлөсү гана тосуп алганы, бийлик өкүлдөрү ага эч кандай маани бербегени сындалды. Жарандар август айынын башында Кыргызстанга келген Хабиб Нурмагомедовдун сапары менен салыштырышкан.

UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Ысык-Көлдө өткөн Eagle Fighting Championship мелдешине атайын конок катары келген. Нурмагомедовдун урматына дасторкон жайылып, аны президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас коштоп жүргөн.

Бул боюнча Физиев Кыргызстанга келерин эч кимге айтпаганын, мындай көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле жасаарын билдирген.

"Мен жеке өзүм буга окшогон салтанаттарды жактырбайм. Кыргызстанга туугандарымдан башкаларга көрүнбөй эле, тынч гана келгенди каалайм. Ошондуктан келеримди да бирөө-жарымга айткан жокмун. Мен эч кимге капа эмесмин. Бул менин каалоом боюнча гана болду. Баарыңарга салам!" — деген ал.

UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Рафаэль Физиев Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин жактырбайт. Видео
Өткөн жекшембиде Физиев UFC лигасындагы төртүнчү беттешин утту. Анда ал америкалык Бобби Грин менен кез келди. Үч раунддук таймаштан соң калыстардын чечими менен жеңиш кыргызстандыкка ыйгарылды.

Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" деп табылып, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.

Беттештен соң UFC президенти Дана Уайт Физиевдин мыкты болууга эбегейсиз потенциалы бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0