Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде атаандашын нокаутка сулатты. Видео

© Фото / Facebook / ROAD FCТайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев
Тайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рафаэль Физиев алгачкы раундда колу менен бир нече күчтүү сокку уруп, атаандашы Ренато Мойканону нокаутка түшүрдү.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде бразилиялык Ренато Мойканону биринчи эле раундда нокаут менен жеңип алды.

​Таймаш жеңил салмак категориясында болду.

"Эмне айтарымды деле билбейм. Айткым келгендин баарын октагондо айтып салдым окшойт", — деди Физиев жеңгенден кийинки маекте.

​Эки мушкердин беттеши UFC 256 мелдешинин жогорку кардына коюлуп, Физиевдин карьерасында эң жооптуу беттештерден болду. Андан өйдө жакка кеченин экинчи жана эң башкы беттештери коюлган.

​Рафаэль Физиев акыркы ирет британиялык Марк Диакези менен июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Беттеш кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0