Бой Конора Макгрегора и Дональда Серроне в турнире UFC 246 в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан

Макгрегор менен Серроненин беттеши. Тексттик трансляция

Жазылуу
UFC мушкерлер уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен беттешти.

Беделдүү UFC 246 турнири Лас-Вегастагы T-Mobile Arena спорттук аянтчасында өтүп жатат. Мушкерлер кеченин башкы беттешинде кызуу кармаш тартуулашмакчы.

Конор соңку беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп, чемпиондук кур тагынбай калган.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:58 19.01.2020

Абсолюттук мушкерлер уюмунун эки салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дональд Серронени утуп кезектеги рекордун койгонун жар салды. Тагыраагы, ал UFC тарыхында 66, 70 жана 77 килограмм салмакта атаандаштарын нокаут менен уткан алгачкы мушкер экендигин белгилеген.

11:48 19.01.2020

Конордун чемпиондук курга кайрадан талапкер болушу мүмкүндүгү жана ага россиялык Хабиб Нурмагомедов, америкалык мушкерлер Тони Фергюсон, Жастин Гэтжи болушу мүмкүн деген пикирлерден улам, архивдик видеону окурмандарга тартуулоону эп көрдүк. 

11:39 19.01.2020
11:37 19.01.2020

Эми Конор чемпиондук курга кайрадан талапкер болушу толук ыктымал. Болжолдуу атаандаштары россиялык Хабиб Нурмагомедов, америкалык мушкерлер Тони Фергюсон жана Жастин Гэтжи болушу мүмкүн.

11:36 19.01.2020

Конор Макрегор 2018-жылы күзүндө россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп, чемпиондук кур тагынбай калган.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
11:32 19.01.2020

Ошентип, техникалык нокаут менен Конор утту. Беттеш болгону 40 секундага созулду. Ирландиялык спортчу, Хабиб Нурмагомедовдун негизги атаандашы Конор өзүнүн күчтүү жана айлакер спортчу экендигин дагы бир жолу далилдеди. Ал октагонго 1,5 жылдан бери чыга элек болучу.

11:30 19.01.2020

Конор Макрегор атаандашы Серронени жеңип алды.

11:29 19.01.2020
11:29 19.01.2020

Беттешти белгилүү рефери Херб Дин тейлемей болду. Учурда ринг-анонсер мушкерлерди тааныштырып жатат.

11:27 19.01.2020

Спортчулар 77 килограмм салмакта беттешет. Бул категорияда Конор биринчи ирет кармашмакчы.

11:25 19.01.2020

Ирландиянын желегин жамынып Конор да октагонго кирди. Ал жашыл түстөгү чолок шым кийген.

11:23 19.01.2020

Макгрегордун атаандашы Дональд Серроне октагонго чыкты. Ал дайыма шляпасын баштан түшүрбөгөндүктөн "Ковбой" кайманы аты бар. Бул ирет беттешке көк түстөгү чолок шым кийип чыкты.

11:21 19.01.2020

Эксперттердин айтымында, беттеште фаворит ирландиялык мушкер болуп саналат. Букмекерлер анын жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорку экендигин белгилешкен.

11:18 19.01.2020

Конордун бул беттешке мамилеси өзгөргөнү байкалды. Маселен, Дональд Серроне менен көз караштар таймашын өткөргөндө, мурдагыдай ачуу тили, кыймыл-аракети менен психологиялык басым жасаган жок. Сылык учурашып, сый көрсөттү.

 

11:08 19.01.2020

Конор Макгрегор көп гонорар ала турчу мушкерлердин бири экендиги маалым. Eurosport басылмасы спортчу тапкан акчасын кайда короторун жазып чыккан эле.

Forbes журналынын маалыматы боюнча, 2018-жылы спортчу 110 миллион доллар тапкан. Анын үч миллионун Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттештен кийин алган. Wealthy Gorilla агенттигинин билдиргенине караганда, Макгрегордун 2019-жылдагы кирешеси андан 10 миллионго көп.

 

11:06 19.01.2020

Спортчу кыздар биринчи жолу 2015-жылы октагондо кезигип, анда дагы Холм жеңишин майрамдаган. Бул беттеш күйөрмандардын эсинде бир топко сакталып калган. 

11:05 19.01.2020

Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык мушкер кыз Холли Холм мекендеши Ракель Пеннингтонду калыстардын чечими менен утуп алды. Мушкерлер 61 килограмм салмакта күч сынашты.

11:03 19.01.2020

Ал арада Конор октагон артында даярданууда. Командасы анын манжаларын бинт менен байлап, далысын укалап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0