17:24 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Кыргызстандык мушкек Валентина Шевченко Бразалиялык Аманда Нуньес менен беттешүү учрунда. Архив

Нуньес Шевченко менен быйыл беттешпейт. Спортчунун эмки атаандашы айтылды

© REUTERS / Perry Nelson
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
155 0 0

Кыргызстандык мушкер Нуньеске UFC турниринин алкагында эки ирет калыстардын чечими менен утулганы маалым.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бразилиялык мушкер Аманда Нуньес 14-декабрда UFC 245 турниринин алкагында голландиялык спортчу Жермейн Де Рандами менен реванш беттеш өткөрөт. Бул туурасында уюмдун расмий Instagram баракчасында айтылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

The rematch is booked! @Amanda_Leoa meets @IronLadyMMA for the bantamweight strap in Vegas! #UFC245

Публикация от ufc (@ufc)

Беттеш Лас-Вегас (АКШ) шаарында өтөт. Турнирде Нуньес Де Рандами менен кармашып, 61 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргойт. Белгилей кетсек, Нуньес 65 килограмм салмактагы кыз-келиндер арасында дагы чемпион болуп саналат. Ал эми голландиялык мушкер ушул эле салмакта мурда чемпион аталып, убагында коргобогону үчүн наамынан ажыраган. Спортчулар октагондо экинчи ирет жолугушмакчы. 2013-жылы UFC турниринде Де Рандами бразилиялык мушкерге техникалык нокаут менен утулуп калган.

Спорт күйөрмандары Аманда Нуньес менен Валентина Шевченконун реванш кармашын көп убакыттан бери күтүп келет. Спортчулар маектеринде октагондо сөзсүз жолугуша турганын белгилешет.

Шевченко Нуньеске UFC турниринин алкагында эки ирет калыстардын чечими менен утулганы маалым. Анда алар 61 килограмм салмакта күч сынашып келген.

Кыргызстандык мушкер былтыртан тарта октагондо 57 килограмм ченде мелдешип, чемпиондук курга ээ болгон. Жакында эле Уругвайдагы UFC турниринде америкалык Лиз Кармушту утуп, жеңишинен кийин "Нуньеспи же башкасыбы, келсин, октагондон күтөм!" деп жар салган.

Тема боюнча

Валентина Шевченко UFC рейтингинде Конор Макгрегорду артта калтырды
Укмуш! Шевченко комуздун коштоосунда "Супермендин соккусун" жасады. Видео
Белгилер:
реванш, мушкер, беттешүү, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко, UFC

ЭҢ МААНИЛҮҮ