БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков WEF Global 12 турнининин алкагында атаандашы швециялык Малик Тамбени утуп алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Эки мушкердин беттеши кеченин башкы таймашы болду.
Тилек Жээнбеков — панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсиалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Күжүрмөн самбо, кол таймашы, грэпплинг (рукопашный. — бой.) боюнча Кыргызстандын чемпиону. ММА боюнча профессионалдар арасында 4 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утуп, бир ирет жеңилген. Fighter KG спорттук клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров.
Малик Тамбе — ММА боюнча Швециянын чемпиону, спорт чебери. ММА боюнча профессионалдар арасында 8 беттеш өткөрүп, 6 ирет утуп, 2 ирет жеңилген. "Pancrase Gym" спорттук клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Омар Буич.