Жээнбеков Тилек Жээнбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков
Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилек Жээнбеков 1989-жылы 7-мартта Талас облусунун Чат-Базар айылында туулган.

Билими:

2006-2011 — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-программист бөлүмүн аяктаган.

FICHТER.KG спорт клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров, Акжол Ажибеков. Каймана аты — "Азия арстаны". Бою — 197 сантиметр, салмагы — 112 килограмм.

Спорттук жетишкендиктери:

КРдин бокс чеберине талапкер;

Күжүрмөн самбо, кармашып урушуу боюнча спорт чебери;

Спорттун грэпплинг, кармашып урушуу, эрежесиз уруш, күжүрмөн самбо түрлөрү боюнча КРдин чемпиону;

Эрежесиз уруш, панкратион, күжүрмөн самбо боюнча Евразия чемпиону;

2013 — Универсалдуу уруш боюнча дүйнө биринчилигинин күмүш медаль ээси;

2015 — Аралаш мушташ боюнча "Alash Pride" спорттук уюмунун чемпиону;

2017 — КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси;

ММА боюнча эл аралык эки турнирдин жеңүүчүсү;

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0