БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул мелдештен кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу алтын медаль багындырды.
Аталган мелдеш 1-4-ноябрь күндөрү Дейва Шульцанын жаркын элесине арналып өткөрүлгөнүн АКШнын Олимпиада курама командасынын TeamUSA спорт порталы маалымды.
Турнирде АКШ, Европа жана КМШнын бир катар өлкөлөрүнөн барган балбанбар күч сынашкан.
Биринчи айлампада Надырбек уулу АКШлык Эдди Климараны жеңип жарым финалга чыккан. Андан кийин Түштүк Кореядан келген Донг Кил Чояны таза жеңиш менен багындырып финалга жолдомо алган. Алтын үчүн таймашууда кайра дагы АКШнын Тим Ламберт аттуу балбаны менен кез келип 12:2 эсебинде жеңишти камсыздаган.
Самат Надырбек уулу азыркы учурда АКШнын Пенсильвания штатынын Питсбург шаарындагы Питт университетинде машыгып, машыктыруучу дагы болуп иштейт.