Кыргызстандык футболчулар Мьянма курама командасы менен күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары беттеш алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн 5-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун оюн талаасында өтөт

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командалары Бишкекте беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстандын дзюдочу Юрий Краковецкий беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө биринчилигинде ат салышат
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн командалары 5-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оюн талаасында кездешет. Анда футболчулар Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо алуу үчүн күч санашат.

Оюн 20.00дө башталат. Ал эми билеттер 27-августтан тарта сатыла баштайт.

Эске сала кетсек, аталган мелдештин алкагында буга чейин кыргызстандык футболчулар ирандыктардан 1:2 жана омандыктардан 1:5 эсебинде утулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0