БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө биринчилигинде күч сынаша тургандыгын Дзюдо федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин Венгрияда өтөт. Аталган мелдеште өлкө намысын тогуз спортчу коргойт. Алардын арасында Отар Бестаев, Юрий Краковецкийлер бар.
Будапешт шаарында күч сынаша тургандардын жетөө эркек жана экөө кыздар.