Рингде жеңилип көрбөгөн мушкер Акжол. Кийин Баткенге кайрылып келем

Жазылуу
Мекендешибиз Сулайманбек улуу Акжол 2016-жылдан бери Россияда профессионалдар арасында күч сынашып келет. Бул убакыт аралыгында ал жети жолу рингге чыгып бардык каршылаштарын багындарган.

Профессионал мушкерлер арасында бир дагы жолу жеңилүү ызасын тартпаган спортчу менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы маек курду.

— Жеңиш кут болсун! Удаа-удаа өткөн беттештерде кандай кыйынчылыктар болду?

Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Дастан Шаршеев эки айдан кийин орус мушкери менен кайрадан беттешет
— Рахмат. Акыркы беттеш май айында болуп, ал дагы жеңиш менен жыйынтыкталды. Жалпысынан алсак, өткөн жылдан бери жети жолу мушташып анын төртөөсүн нокаут, калганын упай менен жеңдим. Жыйынтыгында WBC Asian Boxing Council Continental атылышындагы эл аралык турнирде чемпион болдум. Башында каршылаштарымды утуп алыш анчалык деле кыйын болгон эмес, кийин 6-7-беттештерде күчтүүрөөк мушкерлер менен кезиге баштадым. Азырынча профессионалдар арасында жеңилүү ызасын тарта элекмин.

— Жакшы. Бокс менен канча жаштан бери алектенесиз?

— Тогуз жашыман бери бокс менен машыгып келем. Спорттун чеберимин, өлкөнүн улуттук курама командасындасынын курамында кирип, беттешкем. Бул жылдар аралыгында бокс сүйүүчүлөр арасында намыс талашып жүрдүм. Көрсө, ошол кездеги мелдештерден улам бышат экенсиң да. Аным учурда профессионалдар арасындагы күч сынашканда жакшы жардам болууда.

— Ал жактагы машыгууда айырмачылыктар бар бекен?

— Машыгууларым өткөн жылдан август айынан баштап Екатеринбург шаарында өтүп жатат. Ошондон бери ал жакта күнүнө эки жолу машыгып, дайым дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн. Мисалы, ден соолукту жумасына эки ирет текшерип турушат. Анда укалоо, ийне терапиясын алабыз. Алар тамактанубузду да катуу көзөмөлдөшөт. Башка эч нерсе менен алектенмей жок, бир гана бокс, машыгуу жана машыгуу.

— Эмнеге ал жакка кеттиңер же чакыруу болдубу?

Кыргызстандык мушкер Жаныбек Бейшебек уулу MX Muay Xtreme эл аралык тай бокс боюнча турнирде - Sputnik Кыргызстан
КР тай боксчусу каршылашынын эсин оодара чаап жеңишке жетти. Беттештеги кадрлар
— Москвада 2013-жылы машыгып, мелдештерге катышып жүрүп, байгелүү орундарды алчумун. Ошондо кыргызстандык Айбек Мусаев мени менен сүйлөшүп профессионалдар арасында күч сынашууну сунуштап калган. Кийин убакыт өткөндөн кийин бир топ мелдештерге катышып жүрүп анан келип калдым. Анткени бизде боксчуларды эл аралык мелдештерге чыгарууга көмөктөшкөн компаниялар жок. Биздин спортчулар ушул жагынан аксап калууда. Ошонун айынан алар чет өлкөлүк беттештерге катыша албай жатат. Мен болсо жеке промоутердик клуб менен беш жылдык келишим түзүп, азыр иштешип жатам. Жыйынтыктар жакшы болуп, беттештер ийгиликтүү өтүп турса чет элдик мелдештерге чакыруу болот. Эң негизгиси жеңиш көп болуп, рейтинг жогорулаш керек.

— Келишимдеги мезгил ичинде эл аралык деңгээлге чыга аласызбы жана кайсы өлкөнүн атынан мушташып жатасыз?

— Бардык каржы маселебизди, авиабилет, турак жай, тамак-аш, медициналык көзөмөлдү ал жактагылар өз мойнуна алган. Ошондуктан спорттук клубдун атынан чыгып жатам. Бирок ага карабай тааныштырып жатканда Кыргызстандык экеним сөзсүз айтылып, биздин желек желбирейт. Анан албетте, бул убакыт аралыгында Россиянын деңгээлинен сөзсүз чыгабыз.

— Россиядан тажрыйба алгандан кийин ата мекенге кайра келесизби?

— Буюрса Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиретебиз. Учурда бокстун бардык версиясы боюнча мелдештерге катышууну максат койдум. Баштаган ишимди аягына чейин татыктуу жеңиштер менен чыгышым керек. Анан, албетте жашоонун аягына чейин рингде жүрө бербейсиң да. Убакыт өткөндөн кийин Кыргызстанга кайра сөзсүз келем туулуп-өскөн Баткенде спорт зал ачып, жаш спортчуларды тарбиялайм деп турам. Анан өлкөдөгү мушкерлерди эл аралык деңгээлге чыгуусуна көмөктөшсөм деп жүрөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0