21:21 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив

Кыргыз мушкерлери ММА боюнча Азия чемпионатында биринчи болушту

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
73840

Азия биринчилигинде Кыргызстан командасы эң көп медалга ээ болду.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. ММА боюнча Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте кыргыз мушкерлери биринчи орунду багындырышты.

Ошто өткөн Азия биринчилигине Кыргызстандын жана Азиянын мыкты мушкерлери чогулган.

Мелдештин жыйынтыгында, жалпы командалык эсепте Кыргызстан курама командасы алты алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болду. Экинчи орунду Кытайдын командасы ээлеп үч алтын, бир күмүш жана төрт коло медаль алышты. Ал эми үчүнчү орун казактарга буйруп эки күмүш, төрт коло медаль тагынып кетишти.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө ММА боюнча Азия чемпионунун куру жана медаль тагылып, эл аралык сертификаттар ыйгарылды.

Мелдешке жалпысынан жети өлкөдөн 60га чукул мушкер катышкан.

Тема боюнча

ММА мушкери төрт секундда атаандашын башка тээп сулатты
Сүйүнчү! Дагы бир кыргызстандык балбан Исламиададан алтын медаль тагынды
Белгилер:
мушкер, медаль, чемпионат, Азия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ