КР футбол курамасы FIFA рейтингинде 4 сапка төмөндөшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол курама командасы өткөн жылы апрель айында 100, октябрда 99-орунга чыгып өз тарыхында рекорд койгон.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы FIFA рейтингинде июнь айында төрт тепкичке түшүп, 132-орунга чыгарын football-rankings.info сайты жазып чыкты.

Мисс футбол - 2015 конкурсунун женүүчүсү Акеля Жумалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Футбол сулуусу" болгусу келгендердин саны тогуз. Кимге добуш бересиз
Кыргызстандын футбол курама командасы FIFA рейтингинде өткөн жылы апрель айында 100, октябрда 99-орунга чыгып өз тарыхында рекорд койгон. Ал эми ушул жылдын апрелинде кайра 128-орунга түшүп калган болчу.

КРдин курамасы азыркы божомолго ылайык рейтингде төрт сапка түшүп, 233 упай менен 132-орунга туш келет.

FIFA рейтинги 1-июнда жаңыланат. Анда соңку жылдардагы оюндардын жыйынтыгы боюнча рейтинг чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0